Аймак

АКШда экономиканы колдоо үчүн эки триллион доллар бөлүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынат

АКШда экономиканы колдоо үчүн эки триллион доллар бөлүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынат

 1,044 Бардыгы /

АКШда коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө саламаттыкты сактоо секторуна жана экономиканы калыбына келтирүүгө эки триллион доллар бөлүү жөнүндө тарыхый мыйзам долбоору кабыл алынат.

Сенаторлор менен Ак үй ийгиликсиз аяктаган бир нече жолку сүйлөшүүлөрдөн кийин экономикалык стимулдардын шарттары тууралуу макулдашууга жетишти. Бул тууралуу 25-мартта Ак үйдүн расмий өкүлү Эрик Уиланд билдирди.

Bloomberg келишим бүгүн, 25-мартта добушка коюлушу мүмкүн экенин маалымдады.

Республикачылар сенатта 53 добушка ээ. Бирок мыйзам долбоорун кабыл алуу үчүн 60 добуш керек.

АКШ президенти Дональд Трамп мыйзам долбооруна токтоосуз түрдө кол коюуга даяр экенин айтты. Ал «Твиттердеги» баракчасына: «Конгресс ар кайсы сандыракты сүйлөбөй, келишимди бүгүн жактырышы керек. Бул канча көпкө созулуп кетсе, экономиканы көтөрүүгө ошончолук оор болот. Жумушчулар заян тартат!» деп жазды.

Демократтар республикачылардын долбооруна каршы чыгышкан. Алар долбоор карапайым жумушчулардын эмес, корпорациялардын кызыкчылыгын коргойт деп эсептешет. Мындан тышкары мамлекеттен колдоо издеген компаниялар арасында 500 миллион долларды бөлүштүрүүдө ачык-айкындуулуктун жоктугун сындашууда.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17