Аймак

ӨЗБЕКСТАН КОРОНАВИРУС АНЫКТАЙ ТУРГАН ТЕСТ-СИСТЕМА ИШТЕП ЧЫКТЫ

ӨЗБЕКСТАН КОРОНАВИРУС АНЫКТАЙ ТУРГАН ТЕСТ-СИСТЕМА ИШТЕП ЧЫКТЫ

 807 Бардыгы /

Өзбекстандык окумуштуулар COVID-19 вирусун аныктоочу өздөрүнүн тест-системасын иштеп чыгышты. Бул тууралуу бул өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Системаны түзүүгө бир ай убакыт кеткен.

Министрликтин маалыматында бул эксперсс-тест эмес, атайын лабораторияларда жүргүзүлө турган толук кандуу тест экени, процедура 5-6 саатты алары айтылат.

Бул арада Өзбекстанда биринчи жолу чет өлкөгө чыкпаган жана чет өлкөдөн келгендер менен байланышпаган жаран коронавирус жуктурганы аныкталды.

“Ал ташкенттик 20 жаштагы кыз. Ал да, ата-энеси да чет өлкөгө чыккан эмес. Бирок ал вирус алып жүрүүчүлөр менен коомдук транспортто бирге болгондо же жалпыга таандык предметтерди колдонгон учурда жуктурган болушу мүмкүн. Биз анын үй-бүлөсүн да текшердик, баары таза чыкты”, – деди Өзбекстандын башкы санитардык дарыгери Бахром Алматов.

26-мартка карата Өзбекстанда коронавирус жуктаргандардын сан 60га жетти. Алардын ичинен 15инин өпкөсү сезгенген, төртөөнүн абалы оор.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17