Аймак

ООГАН ӨКМӨТҮ МЕНЕН ТАЛИБДЕР ТУТКУНДАРДЫ БОШОТУУ МАСЕЛЕСИН КӨЗМӨ-КӨЗ ТАЛКУУЛАЙТ

 1,115 Бардыгы /

Ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү жакынкы күндөрү талибдер менен жолугуп, туткундагы жоочуларды бошотуу жараянын баштоо маселесин талкуулашат. Бул тууралуу Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңеши билдирди.

Тараптар 25-мартта видеоконференция өткөргөндөн кийин Кеңештин расмий өкүлү Файсал “Твиттердеги” баракчасына:

– Жакын арада талибдердин командасы 31-мартка карата камактагы 100 кишини бошотуу маселесин талкуулоо үчүн Ооганстан өкмөтү менен бетме-бет жолугат, деп жазды.

Ооган өкмөтү туткундарды алар согуш талааасына кайтып келбей турганы жөнүндө кепилдик берген соң гана бошоторун билдирүүдө.

Талибдердин өкүлү Сухаил Шахин видеоконференцияда туткундарды бошотууну марттын аягында баштоо макулдашылганын кабарлады. Шахиндин айтымында, талибдер Кабулдун түндүгүндөгү«Баграм» түрмөсүнө барышат. Ооган бийлиги көптөгөн туткундарды ошол жерде кармоодо. АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад да “техникалык жолугушуу” учурунда туткундарды бошотууну 31-мартта баштоо макулдашылганын тастыктады.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17