Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА КАРАНТИН ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗГАНДАР 10 ЖЫЛГА ЧЕЙИН ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛЫШЫ МҮМКҮН

ӨЗБЕКСТАНДА КАРАНТИН ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗГАНДАР 10 ЖЫЛГА ЧЕЙИН ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛЫШЫ МҮМКҮН

 836 Бардыгы /

ӨЗБЕКСТАН. 26-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн Кылмыш, Кылмыш-процессуалдык жана Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Ага ылайык, инфекция жайылып жаткан учурларда жалган маалымат тараткандар үчүн эки базалык эсептик көрсөткүчтөн (44,6 миллион сум же 4,7 миң доллар) төрт базалык эсептик көрсөткүчтө (9,4 миң доллар) чейинки өлчөмдө айып пул төлөө, же 300-360 саат коомдук жумуштарды аткаруу, же үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазалары каралган.

Мындан тышкары карантин эрежелерин бузуп, элдин жапырт түрдө ооруга чалдыгышына же ууланышына себепчи болгон адамдар 5 жылга чейин камакка алынат.

Эгер мындай аракеттерден улам бир киши өлсө 5-7 жылга, бир нече кишинин өмүрү кыйылса 7-10 жылга эркинен ажыратылат. Буга чейин бул мөөнөттөр 3-5 жана 5-8 жылды түзгөн.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 83кө жетти. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги илдеттен 72 жаштагы аял каза болгонун билдирди. Ал вирусту Түркиядан учуп келген кызынан жуктуруп алган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17