Аймак

НУР-СУЛТАН ШААРДЫК СОТУНУН ТӨРАГАСЫНА КАРАТА ТЕРИШТИРҮҮ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ

НУР-СУЛТАН ШААРДЫК СОТУНУН ТӨРАГАСЫНА КАРАТА ТЕРИШТИРҮҮ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ

 816 Бардыгы /

КАЗАКСТАН. 27-мартта Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы Жогорку сот менен бирге Нур-Султан шаардык сотунун төрагасы Тлектес Барпибаевге карата текшерүү иштерин баштаганын билдирди. Буга чейин жергиликтүү басылмалар судья жеке учактын кызматынан пайдаланганын жазышкан.

Коррупцияга каршы агенттик билдиргендей, текшерүү учурунда жеке учакты Барпибаевдин кудасы Германияда операция жасатуу үчүн жалдаганы аныкталган. Жогорку соттун этика комиссиясы Барпибаевдин ишин карап, тиешелүү чечим чыгарат.

Өткөн аптада жергиликтүү басылмалар Германиядан келген жеке учакта Барпибаевдин туугандары болгонун жазышкан. Нур-Султан шаардык соту төрага эмгек өргүүгө чыгып кеткенин айтып, кеңири маалымат берген эмес.

60 жаштагы Барпибаев шаардык соттун төрагалыгына 2013-жылы Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы менен дайындалган. Ага чейин ал Алматы облустук сотунун, 2007-2012-жылдары Алматы шаардык сотунун төрагасы кызматын аркалаган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17