Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА КАРТА МЕНЕН СООДА КЫЛУУГА ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ

ТҮРКМӨНСТАНДА КАРТА МЕНЕН СООДА КЫЛУУГА ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ

 910 Бардыгы /

ТҮРКМӨНСТАН.  Түркмөнстандын мамлекеттик дүкөндөрү 28-марттан тартып азык-түлүк үчүн накталай эмес эсептешүүгө чектөө киргизди.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, бир күндө 80 манатка чейин гана соода-сатык жүргүзүүгө болот. Андан соң карта блоктолот. Соода министрлигинин буйругуна ылайык, карта аркылуу кийинки төлөмдү 48 саат өткөн соң гана жүргүзүүгө мүмкүн.

Түркмөнстандын Борбордук банкынын курсу боюнча 1 АКШ доллары 3,5 манатты түзөт.

Түркмөнстанда азык-түлүк тартыш болуп турган маалда айрым продукцияларды нак акчага сатып алууга тыюу салынган.

Мамлекеттик дүкөндөрдө мурдагыдай эле нан, ун, суу май, жумуртка жана тоок этине кезекке тургандар арбын. Товар чектелүү өлчөмдө гана сатылат. Жеке соода түйүндөрүндө азык-түлүктөрдүн наркы кымбат.

Түркмөнстанда узакка созулган азык-түлүк каатчылыгы коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралардан улам ого бетер күчөдү. Бийлик өлкөдө вирус жок экенин билдиргени менен чек аралар жабылып, кыймылга чектөө кирип, айрым ишканалар, анын ичинде азык-түлүк өндүргөндөр ишин токтотту.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17