Аймак

ТАШКЕНТТЕ КАРАНТИНГЕ КАРАБАЙ ҮЙЛӨНҮҮ ҮЛПӨТҮН ӨТКӨРҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛГАНДАР АЙЫП ПУЛГА ЖЫГЫЛДЫ

ТАШКЕНТТЕ КАРАНТИНГЕ КАРАБАЙ ҮЙЛӨНҮҮ ҮЛПӨТҮН ӨТКӨРҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛГАНДАР АЙЫП ПУЛГА ЖЫГЫЛДЫ

 822 Бардыгы /

ТАШКЕНТ. 27-мартта Ташкент шаарынын тургундары өлкөдө карантин жарыяланганына карабай, Чилназар районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүгө аракет жасашкан.

Жергиликтүү басылмалар кабарлашкандай, тойго келгендердин бир бөлүгүндө беткап болгон эмес.

Турак жайдын жашоочуларынын бири тиешелүү органдага кайрылган соң, ал жерге милиция кызматкерлери, маале өкүлдөрү келип, үйлөнүү үлпөтүн токтотушкан. Тойдун уюштуруучусуна түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Карантин эрежесин бузгандар 1 миллион сум (100 доллар) айып пулга жыгылган.

Өзбекстанда коронавирустун жайылышына байланыштуу 16-мартта карантин жарыяланган.

27-марттан тартып азык-түлүк жана дары-дармек сатып алууну эске албаганда, жөнү жок көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Өзбекстанда 30-мартка карата 144 киши коронавирус жуктуруп алды. Саламаттыкты сактоо министрлиги илдеттен көз жумган экинчи киши 39 жаштагы дарыгер экенин, ал Франциядан вирус жуктуруп келген алгачкы бейтап менен байланышта болгонун маалымдады. Маркум ооруканага кайрылбай, өз алдынча дарыланган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17