Аймак

КАЗАКСТАН КОРОНАВИРУСТУН КЕСЕПЕТТЕРИН АЗАЙТУУ ҮЧҮН УЛУТТУК ФОНДДУН 4 МЛРД ДОЛЛАРЫН ПАЙДАЛАНАТ

КАЗАКСТАН КОРОНАВИРУСТУН КЕСЕПЕТТЕРИН АЗАЙТУУ ҮЧҮН УЛУТТУК ФОНДДУН 4 МЛРД ДОЛЛАРЫН ПАЙДАЛАНАТ

 895 Бардыгы /

КАЗАКСТАН. Казакстан өкмөтү антикризистик чаралардын алкагында Улуттук фонддун кирешелерин колдонууну көбөйтүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Фондго пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн кирешелер топтолгон.

Өлкөнүн маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаевдин билдиришинче, фонддон кошумча 1,8 триллион теңге (төрт миллиард долларга жакын) алынат. Каатчылык менен күрөшүүгө жалпысынан төрт триллион теңге зарыл. Калган 2,1 триллион теңге бюджеттен каралат. Буга чейин министр каатчылыкка каршы чаралар үчүн Улуттук фонддон кошумча каражат алынбай турганын маалымдаган.

Казакстан бийлиги коронавирустун жайылышын басаңдатуу үчүн алты ири шаарда чектөөлөрдү киргизген.

Карантин жарыяланган Нур-Султан жана Алматы шаарлары 19-марттан бери жабык. Бүгүн, 30-марттан тартып 5-апрелге чейин мамлекеттик органдар, азык-түлүк дүкөндөрү, дарыканалар жана коммуналдык кызматтар гана иштейт, калгандары жабылат. 28-мартта бийлик коомдук жайларда үч кишиден ашык чогулууга тыюу салган. Бул арада коомдук транспорттордун каттамын да азайтуу пландалууда.

Казакстандын Саламаттык сактоо министриги билдиргендей, 30-мартта өлкөдө коронавирус жуктурган кишилердин саны 294кө жетти. 20 киши айыкты, бир аял көз жумду.

 

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17