Аймак

ТАЖИКСТАНДА ТИГҮҮ ФАБРИКАЛАРЫ ЖАПЫРТ ТҮРДӨ МЕДИЦИНАЛЫК БЕТКАП ТИГЕ БАШТАШТЫ

ТАЖИКСТАНДА ТИГҮҮ ФАБРИКАЛАРЫ ЖАПЫРТ ТҮРДӨ МЕДИЦИНАЛЫК БЕТКАП ТИГЕ БАШТАШТЫ

 1,039 Бардыгы /

ТАЖИКСТАН.  Тажикстанда медициналык беткаптарга суроо-талап кескин жогорулап, дарыканаларда алар тартыш боло баштады. Буга байланыштуу жергиликтүү цехтер марлиден көп жолу колдонулуучу беткаптарды тиге башташты.

Тажикстанда медициналык беткаптарды тагынуу милдеттүү эмес, бирок эл көп топтолгон жайларда, өзгөчө коомдук транспорттордо коргонуучу каражаттарды колдонгондор көбөйгөн.

Ушул тапта Тажикстанда ондон ашуун кичи жана ири тигүү цехтери медициналык беткаптарды тигүүдө. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, бул ишканалар суткасына 5 миңден 30 миңге чейин маска өндүрүүдө.

Жергиликтүү өндүрүштөн чыккан беткаптардын баасы 2 сомониден (0,2 доллар) башталат.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму медициналык беткаптар коронавирустан сактабай турганын, бирок илдетти жугузуу тобокелдигин азайтарын билдирген.

Тажикстан бийлиги өлкөдө коронавирус илдетине чалдыккан киши жок экенин маалымдап келет. Бирок чет өлкөдөн келген алты миңдей киши карантинге алынган.

 

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17