Аймак

ТРАМП МЕНЕН ПУТИН МУНАЙ БААСЫН ТАЛКУУЛАДЫ

ТРАМП МЕНЕН ПУТИН МУНАЙ БААСЫН ТАЛКУУЛАДЫ

 739 Бардыгы /

ОРУСИЯ, 30-мартта Орусия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өлкө башчылар дүйнөгө жайылып жаткан коронавирус жөнүндө сөз кылып, өз өлкөлөрүндө бул илдетке каршы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алмашты.

Мындан тышкары лидерлер мунайдын дүйнөлүк баасын талкуулап, бул тема боюнча өлкөлөрдүн энергетика министрликтери деңгээлинде эки тараптуу консультацияларды өткөрүү тууралуу макулдашты.

Буга чейин америкалык басылмалар Трамп мунай базарындагы Орусия менен Сауд Арабиясынын ортосундагы «баа согушун» талкуулоого ниеттенип жатканын билдиришкен.

 

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17