Аймак

ЮНИСЕФ COVID-19ТУТАНГАН УЧУРДА БАЛДАРДЫ КОРГООНУ КҮЧӨТҮҮГӨ ЧАКЫРУУДА

ЮНИСЕФ COVID-19ТУТАНГАН УЧУРДА БАЛДАРДЫ КОРГООНУ КҮЧӨТҮҮГӨ ЧАКЫРУУДА

 1,460 Бардыгы /

Жакында эле жарыяланган техникалык колдонмо бийликке пандемия учурунда балдарды коргоо чараларын күчөтүүгө жардам берүүгө арналган.

БИШКЕК, 2020-жылдын 25-марты– ЮНИСЕФ Кыргызстан өкмөтүнүн өлкөдө COVID-19 илдетинин жайылышын токтотуу боюнча өзгөчө чараларды киргизүү жөнүндөгү чечимин колдойт. Коронавирустун тутануусуна токтоосуз жооп кайтаруунун алкагында ЮНИСЕФ өкмөт менен бирдикте балдардын корголушун жана бакубаттуулугун камсыздоого күч-аракетин жумшамакчы.

Дүйнө жүзүндөгү жүз миллиондогон баланын COVID-19 пандемиясынын таралышына бөгөт коюуга багытталган чараларга байланыштуу алардын коопсуздугу менен бакубаттуулугуна жаралган коркунучтардын, анын ичинде орой мамилеге, гендердик зомбулукка, эксплуатацияга, социалдык обочолонууга жана камкорчуларынан обочо калууга дуушар болуусунун саны барган сайын көбөйүшү ыктымал болууда. Жооп кайтаруу чараларын ишке ашырууга катышып жаткан бийлик органдары менен уюмдарга колдоо көрсөтүү үчүн ЮНИСЕФ Гуманитардык ишмердикте балдарды коргоо үчүн альянстагы өнөктөштөрү менен биргеликте колдонмо жарыялады.

Кыргызстанда мектептерди жабуу жана ары-бери жүрүүгө чектөө коюу сыяктуу карантинди камсыздоо боюнча чаралар зарыл болуп эсептелгени менен балдардын көнүмүш болгон күнүмдүк жашоосуна жана балдарга колдоо көрсөтүү тутумдарынын ишине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Ошондой эле алардын айынан иштен баш тартууга аргасыз болушу ыктымал болгон ата-энелер менен камкорчуларды да стресстин кошумча жаңы факторуна дуушар кылууда. Калктын аялуу топтору, анын ичинде жатак мектептерде жашаган балдар жана ички, тышкы мигранттардын балдары бул чаралардын жагымсыз кесепеттерине көбүрөөк кабылышы мүмкүн.

«Көп жагынан алганда, азыркы тапта COVID-19 бул илдетти жуктуруп алгандарга гана таасирин тийгизип жаткан жок», – дейт ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм айым. «Бул колдонмо Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен институттарына туруктуулук жок мезгилде балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн көрүлүшү керек болгон чараларды камтыган баяндаманы сунуштайт».

Ушул колдонмонун алкагында Альянс өкмөттөр менен балдарды коргоо боюнча органдарга балдарды коргоо COVID-19 илдети менен күрөшүү жана анын алдын алуу боюнча бардык чаралардын ажырагыс бөлүгү болуп калышы үчүн конкреттүү кадамдарды жасоону, анын ичинде төмөнкүлөрдү сунуштайт:

  • балдарды коргоо илдеттин тутануусуна бөгөт коюу боюнча бардык жооп кайтаруу чараларынын ажырагыс бөлүгү болуп калышы үчүн конкреттүү кадамдар;
  • убактылуу кам көрүү борборлоруна жана үй-бүлөлөргө, анын ичинде балдар жетекчилик кылган үй чарбаларына, ошондой эле патронаттык үй-бүлөлөргө балдарга моралдык колдоо көрсөтүү жана тийиштүү жардам берүүгө тартуу үчүн даректүү колдоо көрсөтүү;
  • саламаттык сактоо, билим берүү жана балдарды коргоо кызматтарынын кызматкерлерин COVID-19 илдетине байланыштуу балдарды коргоодогу тобокелдиктерге, анын ичинде сексуалдык эксплуатацияны жана орой мамилени болтурбоого, ошондой эле көйгөйлөр туурасында коопсуз маалымдоо ыкмаларына окутуп-үйрөтүү;
  • алгачкы жардам кызматтарынын кызматкерлерин гендердик зомбулук жөнүндө маалыматты кантип башкаруу керектигине жана саламаттык сактоо тутумунун тийиштүү кызматтары менен гендердик зомбулукка дуушар болгондорго колдоо көрсөтүү максатында кызматташууга окутуп-үйрөтүү;
  • балдардын кызыкчылыгын көздөө менен атайылаштырылган жардам берген же башка колдоо көрсөткөн кызматтар жөнүндө маалымат алмашууну кеңейтүү;
  • балдардын, өзгөчө – өспүрүмдөрдүн программаларды иштеп чыгуу жана маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн аларга COVID-19 кандайча ар түрдүү таасир эте тургандыгын баалоого катышуусун камсыздоо;
  • киреше алууга мүмкүнчүлүгү жок калган үй-бүлөлөргө каржылык жана материалдык жардам берүү;
  • баланын үй-бүлөсүнөн бөлүнүп калуусун болтурбоо боюнча конкреттүү чараларды көрүү жана ата-энеси же камкорчусу ооруканага жатып калганынан же кайтыш болгонунан улам кароосуз жана тийиштүү камкордуксуз калган балдардын колдоого алынышын камсыздоо;

Балдарды, өспүрүмдөрдү, кам көрүп жаткан адамдарды жана аялуу топторду COVID-19 илдетинин жагымсыз кесепеттеринен коргоо боюнча маалыматты жайылтууда Кыргызстандын өкмөтүн колдоонун алкагында ЮНИСЕФ өз ишмердигин социалдык түйүндөрдө, улуттук ТВда жана маалыматтык онлайн платформаларда улантмакчы.

 

 

####

Кененирээкмаалыматалууүчүнтөмөнкүдарекбоюнчабайланышсаболот:

Айпери Алымбекова – Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин коммуникация бөлүмүнүн адиси

Email: aalymbekova@unicef.org , тел.: +996 777 91 91 43

ЮНИСЕФ өз ишмердигин ар бир баланын укуктары менен бакубаттуулугун камсыздоо максатында жүргүзөт. Өзөнөктөштөрү менен биргеликте ЮНИСЕФ дүйнөнүн 190 өлкөсүндө жана аймактарында өз милдеттенмелерин турмушка ашыруу максатында иш алпарат, мында башкалардан обочолонгон, өтө начар турмушта жашаган балдарды камтуу көйгөйүнө; дүйнөнүн бардык булуңбурчтарындагы балдардын бакубаттуулугуна өзгөчө көңүл бурулат.

ЮНИСЕФтин ишмердиги туурасында: www.unicef.org/kyrgyzstanсайтынан билип алса болот. Биздин Facebook жана Twitterбаракчаларыбызга катталыңыздар.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17