Аймак

ТАЖИКСТАН 21-МАРТТАГЫ СЕЛДЕН 130 МИҢ ДОЛЛАР ЗЫЯН ТАРТТЫ

ТАЖИКСТАН 21-МАРТТАГЫ СЕЛДЕН 130 МИҢ ДОЛЛАР ЗЫЯН ТАРТТЫ

 1,024 Бардыгы /

ТАЖИКСТАН. Хатлон облусунун Хуросон районундагы селдин чыгымы 1,3 млн сомониден (130 миң доллар) ашты. 21-марттагы жаратылыш кырсыгынын кесепетинен Халкажар айылында бир киши өлүп, 200дөн ашуун үй жана короо жай суу алдында калган.

Хуросон районунун төрагасы Рахматулло Сафарзода 238 үйдүн айрымдары жараксыз абалга кептелгенин билдирди.

Сел эгин талааларын да жууп кетти, ондогон үй жандыктары өлдү.

Табият кырсыгынан кийин Халкажар айылынын тургундары бийлик жардам бербей жатканын айтышкан. Кийинчерээк Хатлон облусунун акимчилиги селдин кесепеттерин жоюу үчүн ондогон куткаруучуларды жана жүздөгөн ыктырчыларды жөнөткөнүн маалымдаган.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча 1992-2016-жылдар аралыгындагы табият кырсыктарынан Тажикстан 1,8 млрд доллар чыгымга учураган. Сел, жер титирөө, көчкү жана кар көчкүдөн 7 миллион киши жабыр тарткан.

 

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17