Аймак

КАЗАКСТАНДА COVID-19 ВИРУСУНАН ҮЧҮНЧҮ АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

КАЗАКСТАНДА COVID-19 ВИРУСУНАН ҮЧҮНЧҮ АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

 757 Бардыгы /

КАЗАКСТАН.Караганды облусунда бир бейтап коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ушуну менен Казакстанда жаңы вирустан үчүнчү киши каза болду. Кечээ, 31-мартта 50 жаштагы бейтап коронавирустан улам өмүр менен кош айтышканы кабарланган. Ал кант диабети жана гипертония менен жабыркап жүргөн. 26-марта Акмоло облусунун 64 жаштагы жашоочусу мерт болгон.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 1-апрелге карата өлкөдө 369 адам вирус жуктуруп алганын маалымдады. Илдет Костанай облусунан башка бардык аймактарда жайылган. Бүгүнкү күндө өлкөдө 24 бейтап айыкты.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17