Аймак

САУД АРАБИЯСЫ МУСУЛМАНДАРДЫ АЖЫЛЫК САПАРДЫ ПЛАНДАБАЙ ТУРУУГА ЧАКЫРДЫ

САУД АРАБИЯСЫ МУСУЛМАНДАРДЫ АЖЫЛЫК САПАРДЫ ПЛАНДАБАЙ ТУРУУГА ЧАКЫРДЫ

 1,347 Бардыгы /

АРАВИЯ. Сауд Арабиясынын ажылык жана умра иштери боюнча министри Мухаммед Салех ибн Тахир коронавируска байланышкан абал турукташканга чейин дүйнө мусулмандарын ажылык сапарды пландабай турууга чакырды.

Министр «Аль-Ахбария» телеканалынын эфиринде өлкө зыяратчыларды кабыл алууга даяр экенин, бирок азыркы шартта адамдардын ден соолугу маанилүү болуп турганын айтты.

Акыркы маалыматтар боюнча Сауд Арабиясында коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 1500дөн ашып, 10 киши каза болду.

Февралдын аягында бул өлкөдө вирус жуктурган алгачкы адам аныкталгандан кийин умра сапары менен баргандарды киргизбей туруу чечими кабыл алган.

Мусулмандар үчүн ыйык эсептелген Мекке жана Медина шаарларына жыл сайын миллиондогон адамдар барып, зыярат кылып келишет.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17