Аймак

ТАЖИКСТАНДА КАМАКТАГЫЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУГА УБАКТЫЛУУ ТЫЮУ САЛЫНДЫ

ТАЖИКСТАНДА КАМАКТАГЫЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУГА УБАКТЫЛУУ ТЫЮУ САЛЫНДЫ

 938 Бардыгы /

ТАЖИКСТАН.  Тажикстанда коронавирус илдетине каршы туруу үчүн абактарда узак жана кыска мөөнөттүү жолугушууларга убактылуу тыюу салынды. 31-мартта күчүнө кирген эреже канчага чейин созулары айтылган жок.

Тажикстандын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы колонияларда дезинфекциялоочу каражаттар орнотулганын, түрмө кызматкерлери жана камактагылар медициналык беткаптар менен камсыздалганын маалымдады.

Тажикстанда былтыр жарыяланган мунапыска чейин түрмөлөрдө 10 миңден ашуун киши кармалып турган. Учурда камактагыларды бошотуу жөнүндө маселе каралган жок.

Коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн буга чейин Иран камактагы 70 миңдей адамды убактылуу бошоткон. Ооганстан 10 миңдей адамга мунапыс жарыялаган.

Тажикстанда COVID-19 вирусу чыга элек.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17