Аймак

КАРАНТИНГЕ ЖАБЫЛГАН АНЖИЯНДЫН ТУРГУНДАРЫ ИШЕМБИЛИККЕ ЧЫГЫШТЫ

КАРАНТИНГЕ ЖАБЫЛГАН АНЖИЯНДЫН ТУРГУНДАРЫ ИШЕМБИЛИККЕ ЧЫГЫШТЫ

 970 Бардыгы /

ӨЗБЕКСТАН, Анжиянда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 27-марттан тартып карантин киргизилгенине карабастан, шаардын жүздөгөн тургуну айлананы тазалоо, жашылдандыруу иштери менен алектенүүдө.

Окурмандар «Азаттыктын» өзбек кызматына жөнөткөн сүрөттөрдөн шаар тургундары үйлөрүнүн дубалын сырдап, жол жээгиндеги гүлдөрдү сугарып жатканын көрүүгө болот.

Облустук акимчиликтин кызматкери билдиргендей, жакынкы күндөрү өлкө президенти Шавкат Мирзиёев шаардагы «Анжиян-фарм» эркин экономикалык аймагында курулган алгачкы заводдун ачылышына келет.

52 гектар аянтты ээлеген «Анжиян-фарм» аймагы былтыр ачылган. Президенттин жарлыгына ылайык, ал жердеги долбоорлор чет өлкөдөн, көбүнесе Индиядан келген инвестициянын эсебинен ишке ашырылат. Президенттин жарлыгы чыккандан үч күн өткөндөн кийин Анжиян бийлиги Taj pharmaceuticals limited фармацевтикалык компаниясы менен 10 миллион долларлык келишимге кол коюлганын билдирген. Мындан тышкары 2019-2020-жылдары Gold Grown Pharma жана Makro Farm Andijan фирмалары «Анжиян-фармдын» аймагында жалпы баасы 84 миллион долларлык фармацевтикалык долбоорлорду ишке киргизүүнү пландап жатышканы кабарланган.

Эркин экономикалык аймактагы курулуш иштери менен жакындан тааныш жергиликтүү ишкерлердин бири бүгүнкү күнгө карата убадаланган долбоорлордун ичинен бир гана лабораториянын курулушу аяктаганын билдирди.

«Бир лаборатория куруп бүтүштү, бирок ишке бериле элек. Көпчүлүк заводдордун дубалы тургузулгандан кийин токтоп калган. Азыр президент келет деп сыртын жасалгалап жатышат. Карантинге карабастан эркин экономикалык аймактын ичи тазаланып, бактар акталып жатат», — деди ал.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17