Аймак

HRW КАЗАК БИЙЛИГИН ТЫНЧ ЖЫЙЫНДАР ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН КАРООНУ КИЙИНКИГЕ ЖЫЛДЫРУУГА ЧАКЫРДЫ

HRW КАЗАК БИЙЛИГИН ТЫНЧ ЖЫЙЫНДАР ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН КАРООНУ КИЙИНКИГЕ ЖЫЛДЫРУУГА ЧАКЫРДЫ

 1,479 Бардыгы /

КАЗАКСТАН. Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин «Тынч жыйындарды өткөрүү» тууралуу мыйзам долбоорун парламентте кароону кийинкиге жылдырууга чакырды.

26-мартта мыйзам долбоорун парламенттин төмөнкү палатасы жактыргандан кийин айрым активисттер документ шашылыш каралып, сунушталган өзгөртүүлөр өзгөчө абал шартында жакшы талкууланбай калып жатканын айтып чыгышкан.

HRW изилдөөчүсү Лора Миллс документти кароодо бийлик активисттердин пикирин да эске алышы керектигин белгиледи.

«Мыйзам долбоору мурдагыдай эле бийликке митингдерди өткөрүүгө уруксат бербей коюуга укук берет. Аткаминерлер уюштуруучуларга башка жерди, убакытты жана датаны сунушташы мүмкүн. Эгер уюштуруучулар ал сунушка макул болбосо, митинг өткөрүүгө уруксат берилбейт. Бул жыйындарга чогулуу эркиндигин сыйлаган эл аралык нормаларга туура келбейт», — деди Миллс.

Ал мыйзам долбоорун тез арада кабыл алууга олуттуу себеп жок экенин белгилеп, Нур-Султанды өзгөртүүлөр боюнча парламенттеги добуш берүүнү кийинкиге жылдырууга чакырды.

Касым-Жомарт Токаев былтыр жайында президент болуп шайлангандан бери тынч жыйындар тууралуу мыйзамды жакшыртуу боюнча бир канча жолу убада берген. Ал «митинг өткөрүү маданиятын коомчулуктун аң-сезимине сиңирүүгө мезгил жетти» деп айткан.

Азыркы мыйзамдарга ылайык, казакстандыктар массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн алгач жергиликтүү бийликтен уруксат алышы керек. Бирок бийлик көпчүлүк учурларда түрдүү шылтоолор менен митинг өңдүү чогулуштарды өткөрүүгө уруксат бербей келет.

 

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17