Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА ЖЫЛ АЯГЫНА ЧЕЙИН КҮЙҮҮЧҮ МАЙ МЕНЕН ГАЗ КЫМБАТТАБАЙТ

ӨЗБЕКСТАНДА ЖЫЛ АЯГЫНА ЧЕЙИН КҮЙҮҮЧҮ МАЙ МЕНЕН ГАЗ КЫМБАТТАБАЙТ

 804 Бардыгы /

ӨЗБЕКСТАН. Өзбекстанда жыл соңуна чейин күйүүчү май менен газдын баасы жогорулабайт. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлиги билдирди.

«Кабыл алынган чечимге ылайык, жыл аягына чейин алкоголдук ичимдиктердин акциздик салыгы, ошондой эле бензинди, дизелди жана газды акыркы керектөөчүгө сатуудагы акциздик салык көлөмү жогорулатылбайт», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

«Өзбекстан Республикасынын 2020-жылга карата мамлекеттик бюджети тууралуу» мыйзамга ылайык, күйүүчү май менен газдын баасы быйыл 1-апрелде көтөрүлүшү керек болчу.

Өлкөдө акыркы жолу газдын, электр энергиясынын, муздак жана ысык суунун тарифи, ошондой эле коомдук транспорттогу жол кире акысы 2019-жылы 15-августта жогорулаган.

 

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17