Аймак

АКШ ЧАЛГЫНЫ: КЫТАЙ КОРОНАВИРУС ЭПИДЕМИЯСЫНЫН ЧЫНЫГЫ МАСШТАБЫН ЖАШЫРГАН

АКШ ЧАЛГЫНЫ: КЫТАЙ КОРОНАВИРУС ЭПИДЕМИЯСЫНЫН ЧЫНЫГЫ МАСШТАБЫН ЖАШЫРГАН

 1,007 Бардыгы /

АМЕРИКА. Кытай бийлиги өлкөдө коронавирус жуктургандар жана каза болгондор тууралуу чыныгы маалыматтарды жашырган. Бул тууралуу АКШ чалгынынын Ак үйгө жөнөткөн жашыруун баяндамасында жазылганын Bloomberg агенттиги кабарлады.

Басылма белгилегендей, өз булактар бул баяндама тууралуу кошумча маалыматтарды беришкен эмес.

Кытай бийлиги Ухань шаарында былтыр декабрда чыккан деп айтылган коронавирусту 82 миң адам жуктуруп, 3 300 киши каза болгонун билдирген.

АКШда бул илдетке 200 миңден ашык адам чалдыгып, каза болгондор 5 миңден ашты. АКШнын вице-президенти Майк Пенс шаршемби күнү CNN телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып: «Эгер Кытай ачыгыраак болгондо азыр абал кыйла жакшыраак болмок. Дүйнө жүзү коронавирус тууралуу билгенге чейин эле Кытай эпидемияга кабылганы көрүнүп турат», — деген.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп азырынча америкалык чалгындын бул баяндамасын окуй электигин, бирок Бээжиндин маалыматтары «толук эместей сезилип жатканын» айтты.

Акыркы күндөрү Ухандагы аза үйлөрү буга чейин болуп көрбөгөндөй табыт алганы, жакындарынын күлү үчүн келген адамдардын узун кезеги жөнүндө маалыматтар чыгууда. Мунун баары вирустан өлгөндөрдүн саны кыйла көп болгон деген шектенүүлөрдү жаратууда.

Айрым маалыматтар боюнча бул шаарда коронавирустан 40 миңден көп адам өлгөн болушу мүмкүн. Кытайдын расмий билдирүүсүндө калаада каза болгондордун саны 2 500 экени айтылган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17