Аймак

КАЗАКСТАНДА COVID-19 ВИРУСУН ЖУКТУРГАНДАРДЫН САНЫ 400ДӨН АШТЫ

КАЗАКСТАНДА COVID-19 ВИРУСУН ЖУКТУРГАНДАРДЫН САНЫ 400ДӨН АШТЫ

 774 Бардыгы /

КАЗАКСТАН. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 2-апрелге карата дагы 16 киши коронавирус инфекциясын жуктуруп алганын маалымдады. Нур-Султанда – 7, Караганды облусунда – 6, Атырау облусунда –2, Түндүк Казакстан облусунда бир учур катталган.

Бардыгы болуп 2-апрель түшкө чейин коронавирус жуктургандардын саны 402ге жетти, 26 киши айыкты, үчөө көз жумду.

Бул арада Алматы аэропортуна Кытайдан гуманитардык жардамдын биринчи партиясы келди. Бээжин Нур-Султанга тепловизор, тесттерди, бир жолу колдонулуучу бахилаларды, кол каптарды, коргоочу көз айнектерди жана медициналык кийимдерди берди.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17