Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА 65 ЖАШТАН АШКАН АДАМДАРДЫН КӨЧӨГӨ ЧЫГУУСУНА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

ӨЗБЕКСТАНДА 65 ЖАШТАН АШКАН АДАМДАРДЫН КӨЧӨГӨ ЧЫГУУСУНА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

 848 Бардыгы /

ӨЗБЕКСТАН. Өзбекстанда 1-апрелден тартып 65 жаштан өткөн адамдардын үйдөн чыгуусуна тыюу салынды. Мындай чечимди Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия кабыл алды.

«Бүгүнтөн баштап 65 жаштан ашкан адамдардын үйдөн чыгуусуна тыюу салынды. Аларга жашаган жерине жакын жайгашкан дарыканаларга жана азык-түлүк дүкөндөрүнө гана барууга уруксат берилет», — деп жазылган комссиянын билдирүүсүндө.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Өзбекстанда коронавирусту 190 адам жуктуруп алды. Алардын 12си айыгып, экөө каза болду.

Өлкөнүн башкы санитардык инспектору Нурмат Отабековдун айтымында, бүгүнкү күндө Ташкенттеги Вирусология илим-изилдөө институтунун клиникасында дарыланып жаткан 90 бейтаптын 21инин өпкөсү сезгенген, бешөөнүн абалы оор. Калган бейтаптар аймактарда эмдөөдөн өтүп жатышат.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17