Аймак

ДССУ ТАЖИКСТАНДА COVID-19 ЖУКТУРГАНДАР ЖОК ЭКЕНИН ЫРАСТАДЫ

ДССУ ТАЖИКСТАНДА COVID-19 ЖУКТУРГАНДАР ЖОК ЭКЕНИН ЫРАСТАДЫ

 884 Бардыгы /

ТАЖИКСТАН. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Тажикстанда COVID-19 жуктурган адамдар жок экендиги тууралуу Душанбенин билдирүүсүн ырастады. Бул тууралуу уюмдун өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын аткаруучу директору Майкл Райан Женевада өткөн брифинг маалында айтты.

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму келип жаткан маалыматтарга бир аз шектенүү менен мамиле кылышы керек. Тажикстанда да айрым жашоочулар коронавирус жок деген расмий маалыматтарга ишенбей, шектенип жатышат. Бирок биз бул өлкөдө COVID-19 жуктургандар жок экенин ырастайбыз», — деди Райан.

Ал ошондой эле өлкөлөрдөгү кырдаалга мониторинг кылууда медицинанын абалына жана тесттердин кандай жүргүзүлүп жатканына көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

«Биз отчет талап кылышыбыз керек. Азыр дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен иштешип жатабыз. Алар бизге болушунча так маалымат бериши керек», — деди ал.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Тажикстандагы туруктуу өкүлү Галина Перфильеванын айтымында, бул өлкөдө коронавируска карата 700дөн ашык тесттик изилдөө жүргүзүлдү.

«Биз бул изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ишенүү үчүн материалдарды кошумча текшерүүгө Москвага жана Лондонго жөнөткөнбүз. Алар өлкөдө вирус жуктургандар жок экенин, тесттер сапаттуу экенин ырасташты», — деди Перфильева.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Тажикстанда илдетти аныктоочу тесттер жетиштүү. Буга чейин өлкөгө Орусия 20 миңден ашык, Германия 1 миң тест-системасын берген. Мындан тышкары Кытайдан тесттерди алуу боюнча Бээжин менен макулдашылган.

Worldometer эл аралык статистикалык бюронун маалыматына караганда, 1-апрелге карата коронавирус дүйнөнүн 203 өлкөсүнө жайылды. Илдет жуктуруп алгандардын саны 938 миңден ашты, 47 миңдей адам өлдү. Дагы 195 миң бейтап айыкты.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17