Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА ТӨРӨТКАНА ДАРЫГЕРИ КОРОНАВИРУСКА ШЕКТЕЛГЕН УУЛУН ЖУМУШУНДА ДАРЫЛАГАН

ӨЗБЕКСТАНДА ТӨРӨТКАНА ДАРЫГЕРИ КОРОНАВИРУСКА ШЕКТЕЛГЕН УУЛУН ЖУМУШУНДА ДАРЫЛАГАН

 1,430 Бардыгы /

ӨЗБЕКСТАН. Анжиян облусундагы Перинаталдык борбордун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы 27-мартта төрөтканага дене табы жогору 29 жаштагы уулун дарылоого алып келген. Бул тууралуу борбордо иштеген дарыгерлердин бири билдирди.

– Кесиптешибиз коронавирус жөнүндө билип туруп, дарыгерлердин, медайымдардын, энелердин жана ымыркайлардын өмүрүн коркунучка кептеди. 27-март күнү эртең менен болжол менен саат 9да ал бөлүмгө коронавируска шектелген 29 жаштагы уулун алып келди. Медайымдарды ийне саюуга, дене табын түшүрө турган капельница коюуга мажбурап, уулун 15 саат бөлмөсүндө кармап турду. Анын аялы 25-марттан бери коронавирус шеги менен карантинде экенин билчүбүз, – деди дарыгер.

Бул окуядан кийин борбор дүрбөлөңгө түшүп, кызматкерлердин бири санитардык-эпидемиологиялык кызматка кайрылган. Перинаталдык борбор дезинфекцияланып, бардык кызматкерлер текшерилип, бир сутка карантинге алынган.

Анжиян облустук Перинаталдык борбордун башкы дарыгери Гүлмира Каюмова дарыгер коронавируска шектелген уулун чын эле төрөтканага алып келгенин тастыктады. Ал бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Анжиян облустук Перинаталдык борбор 200 орунга ылайыкташтырылган. Ушул тапта борбордо 100дөн ашуун кош бойлуу аял бар.

WWW,

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17