Аймак

КАЗАКСТАНДА ЖҮРГҮНЧҮ ПОЕЗДДЕР ТОКТОТУЛДУ

КАЗАКСТАНДА ЖҮРГҮНЧҮ ПОЕЗДДЕР ТОКТОТУЛДУ

 773 Бардыгы /

КАЗАКСТАН. Казакстан ичинде жүргүнчүлөрдү ташыган поезддердин каттамы толугу менен токтоду. Бул тууралуу “Жүргүнчүлөрдү ташуу” компаниясы билдирди.

Компаниянын кабарлашынча, алдын ала билет сатып алган жарандар алты ай ичинде акчаларын айып пул төлөбөстөн кайтарып алса болот. 12-марттан бери 590 миң билет кайтарылган.

Казакстанда коронавируска байланыштуу 16-марттан тартып өзгөчө абал киргизилген.

22-мартта Нур-Султан менен Алматы шаарлары темир жол жана автобус каттамдарын кабыл алууну токтоткон.

Казакстанда 3-апрель эртең менен коронавирус жуктургандардын саны 435ке жетти. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги 27 киши айыгып чыкканын, үч киши көз жумганын кабарлаган.

Казакстан бийлиги 2-апрелде коронавирус менен күрөшүү үчүн кошумча 125 миллиард теңге (277 млн доллар) бөлөрүн маалымдаган. Ага чейин 23 миллиард теңге бөлүнгөн. 40 миллиард теңге коронавирус менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине багытталат.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17