Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА БАНКТАР ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ВАЛЮТАЛАРДЫ НАКТАЛАЙ ТҮРДӨ БЕРҮҮНҮ ТОКТОТТУ

ТҮРКМӨНСТАНДА БАНКТАР ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ВАЛЮТАЛАРДЫ НАКТАЛАЙ ТҮРДӨ БЕРҮҮНҮ ТОКТОТТУ

 1,202 Бардыгы /

ТҮРКМӨНСТАН. Түркмөнстанда 1-апрелден тартып банктардан чет өлкө валюталарын накталай чыгарууга тыюу салынды.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы өз булактарына таянуу менен билдиргендей, Түркмөнстандын Борбордук банкы коммерциялык банктарга жарандарга акчаны манат менен гана берүүгө, эсептешүүнү расмий курс менен жүргүзүүгө көрсөтмө берген.

Ага ылайык, өлкөдө иш алып барган эл аралык компаниялардын кызматкерлери 1-апрелден тарта айлык акыларын манат менен гана ала алышат.

Түркмөнстанда 2015-жылдан бери манаттын расмий курсу өзгөрө элек. Бир АКШ доллары 3,5 манат турат. Көмүскө базарда түркмөн улуттук валютасы беш эсеге арзан.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17