Аймак

МОСКВАДА 22 ЖАШТАГЫ ТАЖИК МИГРАНТЫН ТЕРЕЗЕДЕН ТҮРТҮП ЖИБЕРИШКЕН

МОСКВАДА 22 ЖАШТАГЫ ТАЖИК МИГРАНТЫН ТЕРЕЗЕДЕН ТҮРТҮП ЖИБЕРИШКЕН

 897 Бардыгы /

ОРУСИЯ. Орусиянын борборунда мамлекттик «Жилищник» мекемесинин башчысынын орун басары 22 жаштагы тажикстандык мигрантты экинчи кабаттын терезесинен түртүп жиберүүгө шектелүүдө.

Окуя 1-апрелде Москванын түндүгүндөгү Коптево районунда болгон. Тажикстандык мигрант жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор. Короо шыпыруучу болуп иштеген Акбаржон Холиков мамлекеттик «Жилищник» жатаканасында жашачу.

Акбаржон Холиковдун маселесин тажик укук коргоочулары Иззат Амон менен Бахтовар Жумазода карап жатат. Жумазоданын айтымында, мамлекеттик «Жилищник» мекемесинин орун басары Андрей Третьяков Холиковдун түштө жатакананын ичинде намаз окуп жатканына жини келип, акарат келтирген.

“Акборжонго атырылып, башын бир нече жолу дубалга урган, андан соң терезеден түртүп жиберген”, – деди укук коргоочу.

Андрей Третьяков кармалды, ушул тапта «Коптево» тергөө абагында отурат. Ал айыптоолорду четке кагып, мигрант жатакананын экинчи кабатынын терезесинен өзү секирип кеткенин айтууда.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17