Аймак

АКШ КОРОНАВИРУС МЕНЕН КҮРӨШҮҮ ҮЧҮН КАЗАКСТАНГА 800 МИҢ ДОЛЛАР БЕРДИ

АКШ КОРОНАВИРУС МЕНЕН КҮРӨШҮҮ ҮЧҮН КАЗАКСТАНГА 800 МИҢ ДОЛЛАР БЕРДИ

 736 Бардыгы /

КАЗАКСТАН. Кошмо Штаттар коронавируска каршы күрөшүү үчүн казак өкмөтүнө АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу 800 миң доллар бөлдү.

АКШнын Казакстандагы элчилиги кабарлагандай, бул каражат ири масшабдагы тестирлөө үчүн лабораториялык системаларды даярдоо, медициналык мекемелердеги инфекциялык кырдаалды көзөмөлдөө, дезинфекциялоо иштерине жумшалат.

Казакстанда 3-апрель түшкө чейин вирус жуктургандардын саны 448ге жетти. Акыркы төрт учур Түркстан, Караганды жана Түндүк Казакстан облустарында катталды.

 

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17