Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА КАРАНТИН МӨӨНӨТҮ УЗАРГАНЫНА НААРАЗЫ БОЛГОН АДАМДАР ЧЫР ЧЫГАРЫШТЫ

ӨЗБЕКСТАНДА КАРАНТИН МӨӨНӨТҮ УЗАРГАНЫНА НААРАЗЫ БОЛГОН АДАМДАР ЧЫР ЧЫГАРЫШТЫ

 857 Бардыгы /

ӨЗБЕКСТАН, Ташкент облусунда дарыгерлердин көзөмөлүндө жаткан ондогон адам карантин мөөнөтүнүн узартылышына нааразылык билдирип, чыр чыгарышты.

Облустагы «Энергетик сихатгохи» санаторийине 17-мартта Дубайдан учуп келген 254 адам жаткырылган. Алардын айтымында, 14 күндүк карантин мөөнөтү аяктаганына карабастан, үйлөрүнө кетүүгө уруксат берилбей жатат.

«14 күндүк карантин аяктагандан кийин ​Түркия менен Орусиядан келгендерди үйлөрүнө кое беришти. Бизди болсо чыгарбай жатышат. Эгер арабызда коронавирус жуктургундар болсо ачык айткыла, тиешелүү чараларды көрөбүз», – деди карантинде жаткандардын бири.

Ал буга чейин аларды коронавируска карата эки жолу текшеришкенин, эки жолу тең вирус жок экени аныкталганын кошумчалады.

Карантинде жаткан дагы бир жаран санаторийде шарттар начар экенине даттанды.

«Башында бизди жакшы кабыл алышкан. Азыр күнүнө бир гана жолу тамак берип жатышат. Мындан тышкары санитардык абал начар. Идиш-аяктар дезинфекцияланбайт, чала жуулат. Адамдар уктаган бөлмөлөр өтө кир», — деди ал.

Бирок санаторийдин жетекчилиги бул маалыматтарды четке кагып, имаратта бардык шарттар бар экенин билдирди.

«Аларга күнүнө үч маал тамак берилет. Өзүнчө душ, ажаткана бар. Мындагы шарттарды буга чейин бизде эс алып кеткендер жакшы билишет. Алар зерикпесин деп майрамдык иш-чараларды да уюштуруп турабыз. Азыр абал оор, бардыгы карантиндин талаптарына баш ийиши керек, — деди санаторийдин өкүлү.

Буга чейин Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Санитардык-эпидемиологиялык саламаттык агенттиги өлкөгө келген бардык жарандар милдеттүү түрдө 14 күндүн карантинге жаткырыла турганын билдирген.

 

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17