Аймак

ӨЗБЕКСТАН КОРОНАВИРУС ПАНДЕМИЯСЫНЫН КҮЧӨП КЕТҮҮ ЫКТЫМАЛДЫГЫНА ДАЯРДАНУУДА

ӨЗБЕКСТАН КОРОНАВИРУС ПАНДЕМИЯСЫНЫН КҮЧӨП КЕТҮҮ ЫКТЫМАЛДЫГЫНА ДАЯРДАНУУДА

 767 Бардыгы /

Өзбекстан өлкөдө коронавирус инфекциясынын күчөп кетүү ыктымалдыгына даярданууда. Бул тууралуу өзбек өкмөтүндөгү аты-жөнүн билдиргиси келбеген аткаминерлердин бири билдирди.

Анын айтымында, бийлик даярдык иштеринин алкагында өлкөнүн ар бир облусунда коронавирус менен ооруган адамдарга резервдик ооруканаларды даярдоо тапшырмасын берген.

Буга байланыштуу Самарканд, Хорезм жана Анжиян облустарындагы айрым оорукана имараттары бошотулуп, коронавируска чалдыккан адамдарды дарылоого керектүү жабдуулар менен жабдылууда.

«Дарыгерлер абалдын курчуп кетүү ыктымалдыгына даярданып жатышат. Эгер вирус жуктургандар кескин көбөйүп кетсе, облустагы 200гө жакын жеке медициналык жайлар да өз имараттарын бошотуп берүүгө даяр. Мындан тышкары зарыл болсо мектеп жана колледж имараттары да COVID-19 инфекциясын дарылоого ылайыкташтырылышы мүмкүн», — деди анжияндык дарыгерлердин бири.

Өткөн жумада бийлик Ташкент облусундагы 20 миң орундуу медициналык шаарча үчүн курулган «контейнер-палаталардын» алгачкы партиясы даяр болгонун билдирген. Мындан тышкары облуста эки убактылуу оорукананын курулушу аяктап калганы кабарланган.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 342ге жетти. Алардын 30у айыгып, экөө каза болду.

 

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17