Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА АЗЫК-ТҮЛҮК ТАРТЫШТЫГЫНАН УЛАМ МИТИНГГЕ ЧЫККАНДАРГА УН ТАРАТЫЛДЫ

ТҮРКМӨНСТАНДА АЗЫК-ТҮЛҮК ТАРТЫШТЫГЫНАН УЛАМ МИТИНГГЕ ЧЫККАНДАРГА УН ТАРАТЫЛДЫ

 996 Бардыгы /

Түркмөнстанда азык-түлүк тартыштыгынан улам нааразылык акциясына чыккан жарандарга ун таратылды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 3-апрелде ун жана өсүмдүк майынын тартыштыгынан улам нааразылык акциясына чыккан Мары шаарынын ондогон тургуну Ашхабадга бара турган жолду тосуп, андан соң акимчилик имаратынын алдына барышкан. Чогулгандар жергиликтүү бийлик ар бирине эки килограммдан ун бергенден кийин тарап кетишкен.

Түркмөнстанда үч жылдан бери азык-түлүк тартыш. Коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөр каатчылыкты ого бетер күчөттү. Илдеттин жайылышынан улам өлкөдө чек аралар жабылып, сырттан товар импорттоого тыюу салынган.

Түркмөнстанда коронавируска чалдыккандар каттала элек. Бийликтин көрсөтмөсү менен өлкөдө «коронавирус» деген сөздү колдонууга, жазып, айтууга тымызын тыюу салынган.

 

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17