Аймак

ТАЖИКСТАНДА ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТТЫН МУРДАГЫ ИМАРАТЫ ТҮРТТҮРҮЛӨТ

ТАЖИКСТАНДА ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТТЫН МУРДАГЫ ИМАРАТЫ ТҮРТТҮРҮЛӨТ

 927 Бардыгы /

Душанбе бийлиги шаардын борборунда жайгашкан президенттик аппараттын мурдагы имаратын түрттүрөт.

Совет мезгилинде 1957-жылы курулган бул имаратта өлкөнүн Коммунисттик партиясынын борбордук комитети жайгашкан. Үч жыл мурда ал жерге Душанбе мэриясы көчүп барган.

Февралда калаа башчынын орун басары Махмадсаид Зувайдзода президенттик аппараттын мурдагы имаратын бузуу шаардын башкы планында каралганын билдирген.

Ал ортодо жергиликтүү активисттер бир катар тарыхый чечимдер кабыл алынган жана архитектуралык баалуулукка ээ имараттын түрттүрүлүшүнө каршылык билдиришүүдө.

Өз кезегинде аткаминерлер менен архитекторлор Душанбедеги 10го жакын гана имаратты тарыхый эстелик жана маданий мурас деп эсептесе болорун, калган эски имараттардын бардыгы бузулушу керектигин айтышууда.

Душанбенин 2013-жылы иштелип чыккан жаңы башкы планында шаардын борборундагы совет мезгилинде курулган ондогон имаратты түрттүрүү каралган.

 

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17