Аймак

ОРУСИЯ КОРОНАВИРУСКА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ ҮЧҮН ДССУГА БИР МИЛЛИОН ДОЛЛАР БЕРЕТ

ОРУСИЯ КОРОНАВИРУСКА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ ҮЧҮН ДССУГА БИР МИЛЛИОН ДОЛЛАР БЕРЕТ

 703 Бардыгы /

Орусия коронавируска каршы күрөшүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) ыктыярдуу түрдө 1 миллион доллар жардам берет. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн буйругунда айтылат.

Мындан тышкары материалдык-техникалык колдоо, коронавирусту аныктоочу лабораториялык каражаттар үчүн Чыгыш Европа, Түштүк Америка, Түштүк-Чыгыш жана Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнө 61 миллион рубль бөлөт.

ДССУнун бюджети уюмга мүчө өлкөлөрдүн милдеттүү жана ыктыярдуу төлөмдөрүнөн турат. Милдеттүү төлөмдөр мамлекеттердин жана алардын калкынын экономикалык абалына жараша эсептелип чыгат. Маселен, быйыл Орусия – 5,7 миллион, Украина –136,4 миң, АКШ – 57,8 миллион доллар төлөшү керек.

Буга чейин Кремль 1-апрелде АКШга жеткирилген медикаменттерди жана медициналык жабдууларды “гуманитардык жардам” деп атаган. Кийинчерээк жүктүн бир бөлүгүн АКШ Орусиядан сатып алганы аныкталган.

РБК агенттиги жүктөрдүн арасында “Радиоэлектрондук технологиялар” (КРЭТ) компаниясына таандык заводдон чыккан “Авента М” жасалма дем алдыруучу аппараттары бар экенин жазган. Бул компания Крымдын аннексияланышына байланыштуу АКШнын санкциясында болгон.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17