Аймак

КАЗАКСТАНДА 120 МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРИ КОРОНАВИРУС ЖУКТУРУП АЛДЫ

КАЗАКСТАНДА 120 МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРИ КОРОНАВИРУС ЖУКТУРУП АЛДЫ

 642 Бардыгы /

Казакстанда 6-апрелге карата коронавирус жукканы аныкталгандар 629 кишиге жеткен. Алардын 120сы медицина кызматкерлери экенин өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова билдирди. Бул жалпы бейтаптардын 19% түзөт.

Ооруга чалдыккан медиктердин 67си – коронавируска байланыштуу шек саналган же жуктурган адамдарга түздөн-түз жардам көрсөткөндөр.

Марттын аягында Казакстандын өкмөтү эпидемияга каршы иштеп жаткан дарыгерлерге кошумча маяна берилерин билдирген. Ага ылайык, кооптуулук категориясына карап медицина кызматкерлерине айына 212,5 миң теңгеден 850 миң теңгеге (41-165 миң сом) чейин кошумча төлөнөт. Ал эми коронавирус жугузуп алгандарга Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу фондунан 2 миллион теңге, коронавирустан каза болгон учурда 10 миллион теңге төлөнөрүнө убада берилген.

Жаңы вирустун саламаттык сактоо кызматкерлерине жугуп жатканына тийиштүү коргоочу кийимдердин, беткаптын тартыштыгы, тажрыйбасыздык себеп болуп жатканы айтылууда.

Бүгүн, 7-апрель күнү эртең менен Казакстанда коронавирус жуктурган кишилердин саны 670 адамды түздү.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17