Аймак

ТАЖИКСТАНДАГЫ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАР АТАЙЫН КАТТАМ МЕНЕН МҮНХЕНГЕ УЧУП КЕТИШТИ

ТАЖИКСТАНДАГЫ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАР АТАЙЫН КАТТАМ МЕНЕН МҮНХЕНГЕ УЧУП КЕТИШТИ

 753 Бардыгы /

8-апрелде «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын атайын каттамы чет өлкөлүк жарандар менен Душанбеден Мүнхен шаарына учуп кетти.

Күн мурун Душанбедеги чет өлкөлүк элчиликтер өз жарандарына Европага кетүүнү каалагандар үчүн атайын каттам уюштурулуп жатканын кабарлашкан.

Маселен, Улуу Британиянын Тажикстандагы элчилиги 7-апрелде мекенине кайтууну каалаган Душанбедеги британ жарандары «Сомон Эйрдин» кассаларынан 400 еврого билет сатып алса болорун маалымдаган.

Эл аралык “Душанбе” аэропорту ушул тапта Стамбулга жана Москвага да чартердик каттамдарды уюштуруу маселеси каралып жатканын билдирди.

Буга чейин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Орусия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттарындагы тажик жарандарын алып келүү үчүн кошумча чартердик каттамдар уюштурулганын кабарлаган. Ага чейин чет өлкөлөрдөн чыга албай калган тажикстандыктар соцтармактарга аэропорттордогу абалды чагылдырган видеолорду жана сүрөттөрдү жүктөшкөн.

Тажикстан коронавирустун алдын алуу үчүн 20-марттан тартып аба мейкиндигин жапкан.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17