Аймак

COVID-19: FIDH ТҮРМӨДӨГҮ УКУК КОРГООЧУЛАР МЕНЕН САЯСИЙ ТУТКУНДАРДЫ БОШОТУУГА ЧАКЫРДЫ

COVID-19: FIDH ТҮРМӨДӨГҮ УКУК КОРГООЧУЛАР МЕНЕН САЯСИЙ ТУТКУНДАРДЫ БОШОТУУГА ЧАКЫРДЫ

 823 Бардыгы /

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан Эл аралык адам укуктары федерациясы (FIDH) дүйнө өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө кайрылып, пандемия учурунда камактагы укук коргоочуларды, аярлуу топторду, анын ичинде карыган кишилерди эркиндикке чыгарууга чакырды.

«Дүйнө жүзүндө жүздөгөн кишилер кылмыш жасаганы үчүн эмес, укук коргоо ишмердүүлүгү үчүн түрмөдө отурат», – деп айткан уюмдун төрагасы Элис Могве.

Компаниянын сайтында темир тор артындагы ондогон укук коргоочулардын аты көрсөтүлгөн. Аларын арасында 2010-жылдагы июнь окуяларына байланыштуу өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров да бар.

FIDH көптөгөн өлкөлөрдүн түрмөлөрүндө ден соолукту сактоо боюнча шарт түзүлбөгөнү, социалдык аралыкты сактоо мүмкүн эместиги белгиленген.

Коронавирус жайылгандан кийин бир катар өлкөлөр, анын ичинде Түркия, Бахрейн инфекциянын жайылышынын алдын алуу үчүн камактагылардын бир бөлүгүн эркиндикке чыгарарын жарыялаган. Көптөгөн өлкөлөр боштондук ала тургандардын тизмесине терроризм үчүн соттолгондорду кошкон эмес. FIDH айрым укук коргоочуларга терроризмге байланыштуу жасалма кылмыш иштери козголгонун белгилеген.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17