Аймак

Улуттун урку тилинде

 6,715 Бардыгы /

Улуттун урку тилинде

Азыркы кыргыз журналистикасы, чынында, оор мезгилди баштан кечирип жатат. Кыргызча басылчу кайсыл гезитти, журналды ачпаңыз, кайсыл теле-радиону укпаңыз, кабарчылардын тилинен толгон-токой катаны табасыз. Бул иренжитет, кыйнайт, ойлонтот...

Тилдин тазалыгы эмнеден башталат?

Бул суроону биз белгилүү журналист Эсенбай Нурушев менен көп талкуулайбыз. Ошол талкууга силер да кошулгула.

Сөздү үтүрдөн (,) баштайлы.


ҮТҮРДҮН ҮЛКӨН ЖҮГҮ

– Чолоо тийсе сиз менен кенен-чонон отуруп, тил маселесине байланыштуу пикирлешсем деп жүрөт элем. Бүгүн биртке буяма келип турат окшойт, азын-оолок аңгеме-дүкөн куруп көрбөйлүбү?
– Курса куралы, бирок тилдин конкреттүү кайсы өңүтүн сөз кылабыз? Тил деген эми түгөнгүс маселе эмеспи…

– Кепти баштай берсек, кызыган сөздү кымыз чыгарат болуп, балким, аңгемебиз өзүнөн өзү жалгашып кетер.
– Анда башта…
– Күүнүн башы Камбаркан дегендей, сөздү ушу үтүр-чекиттен баштайлы деп сунуш кылат элем. Тыныш белгилери эмне үчүн керек?

– Муну эми баары эле билет, бирок майда-барат деп маани бербейт. А чынында театр кийим илгичтен башталса, сабаттуулук дал ушул тыныш белгилерден башталат.
“Ооба” (yes) дегенди элүү ыкмада айтса болот, бирок ал бир гана ыкмада жазылат (Бернард Шоу). Оозеки айтымдагы ошол элүү ыргактын баарын жазма текстте тыныш белгилери туюнтат. Алар дүйнөдөгү тилдерге акырындап, ар кайсы доорлордо кирген. Орустарда, мисалы, чекит жана кош чекит – XI кылымда, үтүр – XIV, үтүрлүү чекит –XV, суроо белгиси – XVI, илеп белгиси жана сызыкча – XVII, акырында көп чекит – XVIII кылымда кабыл алынган. Бизге булардын баары кириллица аркылуу өткөн кылымдын кыркынчы жылдарынан кийин келди.
Тыныш белгилерин Пушкин музыкадагы нотага салыштырган. Алар ойдун оролун бөлүп көрсөтөт, сөздөрдү ыраатка салат, сүйлөмгө ыргак берип, угумун арттырат, түшүнгөнгө жеңил кылат. Эң негизгиси – тыныш белгилери жазма тилде музыкадагы нотадай кызмат кылат: бүткүл текстти бекем туташтырып, логикалык бир көгөнгө байлап турат, аларсыз сүйлөмдөгү сөздөр ыдырап-бытырап кетмек.
Константин Паустовский жаш кезинде аңгеме жазып, каратып алганы редакторго берет. Бир аптадан кийин алып окуп көрүп, өз текстине өзү ишенбейт: аңгемеде бир да сөз оңдолбоптур, алып-кошкон да эчтеме жок экен, бирок ар бир сүйлөмү тартылган сүрөт өңдөнүп ушунчалык таамай, так болуп калыптыр. Таза таң калган жазуучу: “Бу шумдукту кантип жасадыңыз?! ” – деп сураса, редактор: “Эчтеме деле кылганым жок, болгону үтүр-чекитин ордуна коюп чыктым”,- деп айтыптыр.
Гегель менен Толстойдо бир сүйлөмү жарым, атүгүл бүтүндөй бир бетке созулуп кеткен жерлери бар. Алардын тексттеринен тыныш белгилеринин мүрөл үлгүлөрүн көрсө болот. Мындан тышкары сүйлөм башында, ортосунда же этегинде көп чекит койгонду жакшы көргөн авторлор да аз эмес. Көп чекитти В.Набоков шыбыш чыгарбай, “бутунун учу менен басып кеткен сөздөрдүн изи” деп эсептеген экен…
Адистер азыр тыныш белгилерге компүтер (компютер) катуу кысым жасап жатканын айтып жүрүшөт. Орус тилинде алар Пушкиндин заманына караганда эки эсе азайыптыр, мындан ары да кыскарат көрүнөт. Акыры барып саналуу, эң зарыл белгилер гана калышы ыктымал. Бирок баары бир адамзат тыныш белгилерисиз жашай албайт, аларсыз жазма тил өзү эчтемеге жарабай калмак, текст деген тек гана сөздөрдүн түшүнүп болбос бир тизмегине айланмак.

– Компютердин кысымынан биринчи болуп үтүр жоголушу мүмкүн, кандай дейсиз?

– Менимче, үтүр калат, анткени ал текстте үлкөн милдет аткарат, анын өзүнчө эле бир «империялык иерархиясы» бар. Үтүрдү адистер эч кимдин жетегине кирбеген, жаалы жаман белги дешет. Тыныш белгилерин сүйлөм тутумунда каалагандай калчай билген зергерлер да үтүргө келгенде батылдык кыла алышкан эмес, анын алдында баары тайсалдап, “таксыр” деп турушкан. Көөнө алиппелерде “сүйлөмдүн сүйкүмү үтүргө жараша болору” айтылганын белгилеп, Иван Бунин өз ордунда турбай калган үтүр “бүтүндөй бир сүйлөмдү жыдытып саларын” эскерткен.
Башкасын айтпайлы, баягы жылы бир шайлоодо мыйзамдагы тикенектей бир үтүрдөн улам улуттук масштабдагы жаңжал чыкпадыбы. Дегеле туура эмес коюлган үтүр бир сөздү теңирден тескери мааниге өткөрүп жиберет. Мисалы, “келе бер” (приходи) дегенди “келе, бер” (ну-ка, дай), “ой токтот” (поразмыслить) айтымын “ой, токтот” (ну-ка, останови; хватит, перестань) кылып сала алат. Буга окшогон мисалдарды көп эле келтирсе болот.

– Ушу конкреттүү мисалдарга келели. Азыр кайсы гезитти албайлы, баары “бирок” дегенден кийин үтүр коюшат, сиз болсо муну туура эмес деп айтып
жүрөсүз. Эмне үчүн туура эмес, негиздеп бере аласызбы?

– Биринчиден, муну мен негиздеген эмесмин, экинчиден, бу мен айткан үчүн эмес, грамматиканын эрежесинен алганда туура эмес. Андай эрежелерди болсо асмандан алып түзө салышкан эмес, ар бир тилдин ички мыйзамдарына, табиятына таянып түзүшкөн. Жаңылбасам, бу эрежелердин негизин мектепте экинчи класстан баштап окутат болуу керек. Үчүнчүдөн, бу айланып келип эле сөз билбегенден чыгат. Азыр бизде, айталы, байламта деген эмне, киринди сөз эмне экенин айрымалай албай калышты. Байламта – сөздү сөзгө, ойду ойго, сүйлөмдү сүйлөмгө кошот, үтүр болсо, тескерисинче, аларды ажыратат. Байламтадан кийин үтүр коюп жазган эл дегеле дүйнөдө жок.

-Байламта сөздөр кайсылар, бир-экөөнү атай кетсеңиз.

– Кыргызда беш-алты эле байламта сөз бар, аларды жаттап алса деле болот: анткени, бирок, себеби, андыктан, ошондуктан, жана, менен. Акыркы экөө сөз ордуна да колдонот. Мисалы, жана айткандай, жана эле келгенбиз… Тең теңи менен, тезек кабы менен… Ал эми байламта иретинде булар сүйлөмдүн башында, ортосунда келеби, алардан кийин үтүр коюлбайт. Бир гана учурда – байламтадан кийин киринди сөз келсе, ошондо үтүр менен ажыратылат. Мисалы: “Реформадан үмүт кылдык эле, бирок аныбыз акталган жок”. “Реформадан үмүт кылдык эле, бирок, тилекке каршы, аныбыз акталган жок”.

-Ал эми киринди сөздөр кайсылар? Көппү, азбы?

-Алар бир топ эле бар: айтор, албетте, арийне, айтмакчы, балким, баса, болжолу, демек, калыбы, көрсө, сыягы, сыйкы, чамасы ж.б.у.с. Аларды модал сөз деп жүрүшөт. Булар сүйлөмдүн башында турса алардан кийин үтүр коюлат, ортосунда келсе, эки жагынан үтүр менен ажыратылат. Мисалы: “Албетте, реформадан үмүт кылабыз”. “Реформадан, албетте, үмүт кылабыз”. Киринди сүйлөм деле ушундай. Бу эми эң жөнөкөй эреже да, Төрөкул. Эреже эске келбегенде деле муну анча-мынча тилге туюму бар адам сүйлөмдүн ыргагынан эле сезет.

ТИЛ ТИРЕГИ – ИЛИ
М

-Бизде ушул темадагы изилдөөлөр барбы?

-Жок болуш керек. Үтүр, чекитти изилдеп, мартабасын майдалап, масштабын тарытып алгандан биздин илимпоздор намыс кылат болуу керек. Тилдин өзү, анын азыркы замандагы калган актуал проблемалары өнүккөн элдердей болуп иликтенген жок, бул иштин али чети оюла элек. Мен, маселен, бу жагынан академик Азиз Салиевдин “Мышление как система” деген эмгегин, ошол теманы уланткан китептерин гана айта алам. Бирок аларды окуп, андагы ойлорду, коюлган проблемаларды, аларга байланышкан түшүнүктөрдү “аш кыла” билүү үчүн атайын даярдык талап кылынат.

-Сиз өзүңүз окудуңуз беле ошол эмгектерди?

-Студент кезимде кайра-кайра тытмалап, тырбалаңдап окуп, бирдеме түшүнгөнгө аракет кылгам, бирок көп нерсеге тишим өткөн эмес. Азыр да Бишкекке барганда барактап калам, баягы жаш кездегиден бир топ нерсе таасын, түшүнүктүү көрүнүп калат. Салиев аксакалдын ошо китебинде эки тилдүүлүк (билингвизм) феномени тууралуу бир топ кызыктуу байкоолор, ойлор айтылган. Ошолорду улап, учурдагы тил практикасына назар салып көргөндө, обо-добо суроо чыгат. Мисалы, эки тил билген азыркы кыргыз орусча текст окуса кайсы тилде ойлонот? Биздеги кош тилдүүлүк бу көрүнүштүн кайсы түрүнө кирет: субординативдүүсүбү же координативдүүсүбү? Биринчисинде ойлоо процессинде үстөмдүк кылып турган тил болот, экинчисинде болбойт, адам кайсы тилде сүйлөсө, ошо тилде ойлонот. Дегеле азыр мамлекеттик жана ырасмий деп (иш жүзүндө булар бир эле түшүнүк) түркүмдөлгөн биздеги билингвизмде кыргыздын эне тили адстратпы же субстратпы?

– Сиздин оюңуз кандай бу жагынан?

– Билингвизмде экинчи бир тилдин таасиринде, анын үстөмдүгүндө калган тилди адстрат дешет. Ал эми субстрат деп келгиндердин тилинен улам турмуштун көп чөйрөлөрүнөн сүрүлүп калган, бирок ошол келгин тилге таасир тийгизе алган жергиликтүү тилди айтат. Ушул эки позициядан карап эле биздин улуттук тил булардын кайсынысына кирерин билсе болот.
Дегеле тилдин изилдей турган маселелери, проблемалары толтура. Батышта азыр тилди тигил же бул өлчөмдө изилдебеген, ага тике же кыйыр түрдө кайрылбаган илим жок. Психолингвистика, нейролингвистика, социолингвистика, семиоанализ, семиотика, герменевтика, иши кылып, толгон-токой агымдар, багыттар бар. Аларды айтпаганда деле кыргыз тилин грамматологиянын, текстологиянын, ошол эле билингвизмдин позицияларынан карап, талдап көрө турган көп көрүнүштөр бар.

ОНТОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУК ЖАНА ТИЛ

– Ошондой олуттуу проблемалардан кайсыларды бөлүп көрсөтсө болот?

Маселен, азыр кыргыз тилинде сабаттуу текст түзүү чоң проблемага айланды. Журналисттер жөнөкөй кабарды, жаңылыкты деле жарытып жаза албай калышты. Аристотелди эстесек, адатта “кирди-чыкты ойлонгон адам кирди-чыкты сүйлөм түзөт”. Ошол себептен Ханс Гадамер (азыркы герменевтиканын “атасы”) “ар кандай текстти адамдын акыл-эси жайында экенин текшере турган сынамык” катары караган. Антейин десең азыр орус тилинде жазган кээ бир кыргыздар орустардан кем калышпайт. Кийинки учурда ангилис жана башка тилдерде ушундай эле деңгээлде текст жазганга жараган кыргыздар пайда болду. Аларды окуп олтуруп, азамат дейсиң, кол чабасың. Бирок ошол эле авторлор кыргызча жаза келгенде эле оюн жыйнактап айта албай, тамтаңдап калып жатышпайбы. Же мунун тескерисинче, жалаң кыргыз тилинде жазгандардын, айрыкча журналисттердин тексттерин окусаң, алардын сөздөрү эле кыргызча болбосо сүйлөмдөрүнүн түзүлүшү бүт бойдон орусча болуп баратат.

– Былтыр “Кыргыз Туусунда” жарыяланган маегиңизде муну пиджиндешүү процесси деп атаган экенсиз. Кыргыз-пиджин тилинин пайда болушун биздин өз тилибизде ойлонбой калганыбыздын натыйжасы десе болобу же буга башка да шарт-жагдайлар себепчи болуп жатабы?

– Пиджиндер адатта эки-үч тилдин кошундусунан куралат, ошондуктан аны бузулган тил дешет. Классикалык пиджиндер колониализмдин, оторчулуктун натыйжасы болгон. Азыркы заманда буга глобализация себепкер болууда. Адистер бир жагынан муну обьективдүү көрүнүш болуп баратат, көп улут жашаган жерлерде, чек аралар тогошкон аймактарда алар өзүнөн өзү пайда болот дешет. Бизде, мисалы, оозеки тилде орусча-кыргызча аралаштырып сүйлөмөй адат болуп калды. Түштүктө болсо мунун кыргызча-өзбекче, кыргызча-тажикче түрү бар.
Бирок биздин тилдин келечегин, кендирин кесе турган башка факторлор деле толтура. Мисалы, азыр илим, техника, технология өндүрүшкө эле эмес, ар бир үйдүн ашканасына чейин жетип калды. Алар аркылуу жаңы түшүнүктөр, сөздөр, атоолор, терминдер күргүштөп кирип жатат, аларды тап жылдырбай кыргызчалатып турганга коомдун чамасы жетпейт, мындай тажрыйбабыз да жок. Иши кылып, илим-билимдин көп түрлөрүн, айрыкча табигый, техникалык илимдерди кыргызча сүйлөтө албаганыбыз бизге чоң өксүк болот. Акыл ойломуна (рациональное мышление) ылайыкташпаган, анын оролуна өсүп жетпеген тилдин туюнтуу мүмкүнчүлүктөрү тар болот, акыры барып аргындашып кетет, ошо менен жок болот.
Дагы бир чоң проблема деп кыргыздын улуттук онтологиялык коопсуздук сезими жоголуп баратканын айтса болот.

– Кечиресиз, онтологиялык коопсуздук деген эмне?

– Социологияда ушундай (ontological security) термин бар. Илимпоздор аны адамдын “алтынчы сезими” деп коюшат, ошондой сезими калыптанбай же өнүкпөй калган киши өзүнүн өзгөлөрдөн айрымаланган сапаттарын, өзгөчөлүгүн туйбай, билбей калат. Улут деген деле ушундай, онтологиялык коопсуздугу бузулган эл өзүнүн урух-уркун, дүйнө таанымын, тилин, маданиятын, тарыхын, салт-санаасын аңдап, ажыратып тааный албай калат.

-Буга мүнөздүү мисалдарды келтире аласызбы?

-Мисалдар толуп атат. Айталы, азыр кыргыз Түркияга барса – түркчө, Батышта болуп келсе – ангилисче сүйлөп келет, эки орус отурган жыйында орусча сүйлөйт. Бу ошол онтологиялык коопсуздук сезим бузулганын билдирет. Же Радловдун сөздүгү менен азыркы тилди салыштырып көрсөң, бул оркоюп эле көрүнүп турат. А болбосо мына куранды, уланды мүчөлөрдү алалы, айрыкча –лык, -дык деген жалгама мүчөлөрдү чала сабат журналисттер ылайыгы келсе-келбесе деле көрүнгөн сөзгө жабыштыра берип, тилдин ыспалдасын, ыраспаасын чыгарып бүттү. Азыр кайсы гезитти окуба, “орусиялык инвестиция”, “орусиялык кредит”, “кытайлык товарлар” дегендей айтымдар жайнап жүрөт, “Акаевдик режим”, “Бакиевдик бийлик” дешет. Ыракматы Чыкенин мааракесине арналган макалаларда “Айтматовдук энциклопедия”, “Айтматовдук аалам”, “Айтматовдук кейипкерлер” дегендей бирдемелер өтө көп айтылды, болгондо да аларды жазуучулар, адабиятчылар,сынчылар, академик наамын алгандар айтып-жазышты. Мунун баары ошол онтологиялык коопсуздук бузулганын билдирет.

-Булардын эмнеси туура эмес,түшүндүрө кетсеңиз. Эмнеге,мисалы, “кытайлык товар” дебей, “кытай товары” деш керек?

-Себеби бу: баланча жерлик, мисалы, кытайлык, орусиялык,ирандык,мисирлик деп кыргыз жалаң адамды айтат, андан башкага колдонбойт. Азыркылар болсо -ский деген мүчө менен бүткөн орусча сөздүн баарын эле кыргызчалатканда лып эткизе -лык мүчөсүн иле салып жатышат. “Русские деньги” десе, маселен, кыргыз “орустук акчалар” деген эмес да,”орус акчасы” деген. “Китайское слово” дегенди азыркылардай “кытайлык сөз” дебестен, “кытай сөзү” деген. “Кокондук хандык” эмес, “Кокон хандыгы”, “Кудаяркандык заман” эмес, “Кудаяркан заманы” дешкен. Азыр болсо “атбашылык койлор”, “токтогулдук уйлар”, “таластык жылкылар” же “кытайлык автобустар” деп тамтаңдап жатышпайбы. Минтип отурса алар бир күнү “киргизский язык” дегенди “кыргыздык тил”, “киргизская история” дегенди “кыргыздык тарых” деп айтып-жазып калышы ажеп эмес.
Акыркы кездерде дагы бир “өнөр” пайда болду.Тактап айтканда, чү дегенде эле “мен ойлойм, “мен ойлоп атам”, “мен ойлоп турам”, “мен эсептейм” деп сүйлөгөндөр, жазгандар көбөйдү. Мисалы, “Мен ойлойм, быйыл деле бизге кыйын болот деп”, “Мен ойлоп атам, ушу реформадан пайда деле болбойт окшойт”, “Мен ойлоп турам, электр каатчылыгы эми чечилет деп” ж.б.у.с. Бу баягы эле орусча сүйлөм башындагы “я думаю”,”я считаю”, “я полагаю” дегендин сөзмө-сөз көчүрмөсү болуп атпайбы. Мунун баарын кыргызча ойлоно албай калган саясатчылар, политологдор, өздөрүн эксперт эсептеген немелер айтып жатышат, аларды болсо журналисттер жаңы табылгадан бетер жабыла кайталап, элге жайылтып жатышат. Жыйынтыгында келип кыргызча сүйлөмдүн түзүлүшү, кыргызча сөз ыдыры бузулуп жатат, эне тилдин өзгөчөлүгү жоголуп, кайра эле орусташып кетип атпайбы. Чындыгында кыргыз эки дүйнөдө да минтип сүйлөгөн эмес, анткени биздин тилде этиш дайыма сүйлөмдүн этегине түшөт.

– Ошондо жанагы сүйлөмдөр кандай жазылышы керек?

– Ошондо өйдөкү сүйлөмдөр бери эле дегенде: “Мен быйыл деле бизге кыйын болот деп ойлойм”, “Мен ушу реформадан пайда деле болбойт окшойт деп ойлоп калдым”, “Мен электр каатчылыгы эми чечилет деп ойлойм” дегендей болушу керек. Мага койсо бу сүйлөмдөрдү: “Быйыл деле бизге кыйын болот деп ойлойм”, “Ушу реформадан пайда деле болбойт окшойт деп ойлойм”, “Электр каатчылыгы эми чечилет деп ойлойм” деп эле жазат элем.

– Жогоруда айткандарыныздан улам азыр тилдин онтологиялык коопсуздугу негизинен котормодон бузулуп жатат десек болобу?

– Болот.

– Ал эми котормо жок кезде бул жагдай кандай болгон? Айталы, ата-бабаларыбыз тилдин коопсуздугун кантип коргошкон?

– Жана айттым го Радловдун сөздүгүн. Аны барактап отуруп ошо кезге чейин орус тилинен кирген сөз таппайсың. Ал эми Фасмерде болсо (“Этимологический словарь русского языка”) түрк элдеринен орус тилине тээ көөнө замандарда эле кирген далай сөз жүрөт. Буга караганда илгерки замандарда түрк элдеринде, алардын ичинде биздин ата-бабаларыбызда онтологиялык коопсуздук сезим күчтүү болгон деп ойлосо болот. Ал эмес орустардын оторлугуна киргенде деле кыргыздар алардын сөздөрүн бүкүлү бойдон албастан, эне тилдин табиятына ылайыктап алышкан. Айталы, бөтөлкө, бөлкө,керебет өңдүү кеңири белгилүү сөздөрдү айтпайлы, обосол, опус, опуздоо, дастания сыяктуу далай сөздөрдү өздөштүргөн. Обосол –новосёл, опус – обыск, опуздоо –описать (конфискация), дастания –дознание дегенден жасалган. Эл ичинде азыр деле опус кылды, үй-мүлкү опуздалды, дастаниячы суракка алды деп айтышат. Арап, иран,монгол,кытай сөздөрүн деле кыргыз ушул усулга салып өздөштүргөн. Дегеле дүйнөдөгү бардык эл бөтөн сөздөрдү ушундай ыкма менен өз сөз кылып алат, мисалы, орустарды алсак, аларда азыр активдүү колдонулуп жаткан эл аралык терминдердин баары ушундай тарыйка менен жасалган. Четтен кирген тигил же бул сөздүн тыбыштык түзүлүшү өзгөргөндө, анын тышкы түрү да өзгөрөт, натыйжада бөтөн сөз төл сөзгө айланып кетет. Азыр баары эле мурас деп муңканып атышпайбы, тил чөйрөсүндө эмне үчүн ата-бабалардын ушул усулун колдонсо болбосун? Баарын эмес, ылайыгы келген айрым сөздөрдү,терминдерди керек болсо кыргыздын көмөкөйүнө салып, кайра жасап чыкса болот. Ошол эле мурастар программасына ылайык баарын болбосо да Радловдун сөздүгүн, Махмуд Кашгаринин түрк лугатын басып чыгарсак, кана эми, атаганат, жаман иш болбос эле.

Уландысы бар.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17