Аймак

ЖЫЛДЫЗДУУ ТҮН

 3,602 Бардыгы /

Сөзү: Б.Абакировдуку,
Обону: Т.Жоробековдуку

Жай мезгили жеңил-желпи кийинип,
Сен экөөбүз айлуу түндө биригип.
Өмүр балын жаңы татып турганда,
Өрүк гүлү бизге турду ийилип.

Сенин жытың гүлдөн артык сезилди.
Ай сылады аппак нурдуу бетиңди.
Дүйнөдөгү жалгыз кызы болдуң сен,
Дүүлүктүрүп кереметтүү сезимди.

Жыбыраган жылдыз улам суюлуп,
Ай шооласы жерге берип жылуулук.
Билинбестен өтүп жатты өзүэле,
Менден сага, сенден мага жылуулук.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17