Аймак

Азада Бегимкулованы эскерүү кечеси болду (фотобаян)

 2,568 Бардыгы /

Кече Жалал-Абад мамлекеттик университетинде СССР жана Кыргыз ССРинин жазуучулар кошунунун мүчөсү акын, прозаик Азада Бегимкулованын туулган күнүнө карата “Талантты сүйгөндөрдүн эсиндесиң” аттуу окурмандар конференциясы болуп өттү. Кечеге Азадабегимдин бир туугандары жана жакын санаалаштары келип катышышты.
Бул тууралуу бир тууган агасы Эркин Бегимкулов: “Көзүм тирүүсүндө мен эскерем, ал эми менден кийин да Азаданы эскерип дайыма жүрөгүнө сактап жүрүүчүлөр бар экенине ыраазы болдум”-дейт.
Конференциянын негизги максаты А. Бегимкулованын чыгармачылыгын кеңири жайылтуу жана басып өткөн жолун чагылдырып элге тартуулоо экенин фондду түзүү тарыхын айтып жатып анын төрайымы Анара Кадырова маалымдады.
Конференциянын аягында “Азадабегим” коомдук фондунун демөөрчүлөрү тарабынан А. Бегимкулованын ырларын мыкты аткарып, жана анын жандуу элесин чагылдырган студенттерге стипендиялар тапшырылып, ардак граммоталар менен сыйланышты.

Санрабия Сатыбалдыева, “Аймак

Азада  Бегимкулованы эскерүү  кечеси  болду  (фотобаян)
Азада  Бегимкулованы эскерүү  кечеси  болду  (фотобаян)
Азада  Бегимкулованы эскерүү  кечеси  болду  (фотобаян)
Азада  Бегимкулованы эскерүү  кечеси  болду  (фотобаян)
Азада  Бегимкулованы эскерүү  кечеси  болду  (фотобаян)

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17