Аймак

ЖҮРӨЛҮЧҮ ЖҮРӨК ООРУТПАЙ

 8,714 Бардыгы /

Сөзү: К.Садыковдуку,
Обону: А.Рысалиевдики

Таңкы ойлоп, сараң болушпай,
Таңкы салкын, жайкы конуштай.
Жүрөк сырын бирге чечишип эй,
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай.

Кайырма:
Жакын жүрсөк оолак болушпай,
Жаман айтып, аңдып тоорушпай.
Мезгилибиз өтөөр кош айтып эй,
Жүрөлүчү көңүл оорутпай.

Түнт мүнөздүү, түркөй болушпай,
Ойноп күлсөк, ойго коюшпай.
Гүлдөй назик адам көңүлүэй,
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Кайырма:
Жакын жүрсөк оолак болушпай,
Жаман айтып, аңдып тоорушпай.
Мезгилибиз өтөөр кош айтып эй,
Жүрөлүчү көңүл оорутпай.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17