Аймак

БИР КЕЛИП КЕТЧИ ОШ ЖАККА

 2,950 Бардыгы /

Сөзү: А.Урбаевдики
Обону: А.Төрөбековдуку

Саратан күчөп турганда,
Жамгырды чөптөр күтүшөт.
Жаз келип сайран курганда,
Ак кууну көлдөр күтүшөт.
Кайырма:
Э-эй жылмайып көңүл эриткен,
Жаныңдан өзүм садага.
Күтүүсүз келген бакыттай,
Бир келип кетчи Ош жакка.

Суу болуп аксам деп,
Мөңгүлөр күндү күтүшөт.
Ааламга жарык чачсам деп,
Жылдыздар түндү күтүшөт.
Кайырма

Азапка батты жүрөгүм,
Жолугар жомок күндү эңсеп.
Зарыгып күтүп жүрөмүн,
Сүйгөнүм сендей жанды эңсеп.
Кайырма

Эңсеген менин жанымсың,
Кел, жаным, көңүл ачылсын.
Ак куудай каалгып учайын,
Буулуккан черлер жазылсын.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17