Аймак

Жалал-Абадда “Ак калпак” майрамы белгиленди (фото)

 6,532 Бардыгы /

Жалал-Абадда "Ак калпак" майрамы  белгиленди (фото)

Ак мөңгүсү ааламдан тынчтык тилеп,

Ак чокулардаң кайып асман тиреп.

Ала тоодой апапак ак калпакты,

Ак тилектүү ак пейил кыргыз кийет,-

демекчи жалпы эле кыргыз элине маалым болгондой 5-Март “Ак калпак” күнү деп жарыяланган. Аталган күндүн урматына Жалал-Абад шаарында “Ак калпак” майрамы белгиленди. Иш-чаранын негизги уюштуруучулары “7-канал” жана Жалал-Абад шаардык мэриясы болду.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө шаар тургундары жана студенттер улуттук кийимдерин кийип, кол өнөрчүлүктөрүн көрсөтүшүп, Манас айтылып, бир топ улуттук бийлер бийленип жана жалпы меймандар Кара-жорго бийине бийлешти. Ак калпакчан жаштар өздөрүнүн патриоттуулугун көрсөтүшүп “Кыргызстан Алга” деген ураан менен параддан өтүштү. Бул күнү шаардын дээрлик баардык мырзалары калпак кийип чыгышты.
Аталган майрам менен Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Ж.Эгембердиева, Жалал-Абад шаарынын мэри М.Арапбаев жана 7-каналдын жетекчиси А.Жумаевдер жалпы журтту “Ак калпак” күнү менен куттукташып, ийгилик каалашты.

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак Фотолору автордуку

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17