Аймак

КАЛЫГУЛ БАЙ УУЛУ: “АКЫР ЗАМАН АЙЛЫ ЖАКЫН…”

 153,708 Бардыгы /

Аяк баш болор,
Баш таш болор,

Тууганың кас болор,

Корооң бош болор,

Мингениң жыгач ат болор,

Ыгы жокко жан берип,

Ыйманың жат болор.

Тоо токол болор,

Токол байбиче болор,

Уй пул болор,

Кул бий болор,

Тегиз жерден тегирмен жүрөр,

Тексиз жерден бий чыгар.

Орой киши баатыр болор,

От чыкпай жериң такыр болор,

Каапыр менен аралаш айыл конор,

Ошол заман жакын болор.

Кызыл-кызыл кыялар,

Кыргый талга уялар,

Такыясын колго алып,

Кыз жигитти кубалар.

Карыядан каада кетер,

Катындан уят кетер.

Келинден келбет кетер,

Уулдан урмат кетер,

Кыздан кылык кетер,

Атанын тилин уул албас,

Аганын тилин ини албас.

Сааганың сары бээ болор,

Ичкениң сары суу болор.

Өңү сары, көзү көк,

Орус деген эл келер.

Арканга өлчөп жер бөлөр.

Өлтүрүп ийбес,

Этеги жерге тийбес,

Калк кысылар,

Заманың бузулар.

Күндө кеңеш жыйын чыгар,

Андай заман кийин чыгар.

Жандан баары молдо болор,

Жамынганы торко болор,

Чобур атың жорго болор,

Сокур кудук суу чыккан жерде ордо

болор.

Коко куурай шыргый болор,

Катын эрине кыргый болор.

Арасы жыш айыл конор,

Айткан сөзү айың болор

Жетик кыз чыгар,

Желден сөз чыгар.

Безерден ой чыгар,

Белден жол чыгар.

Акыр заман айлы жакын,

Азаарсың да тозоорсуң,

Бириңден бириң озоорсуң.

Жоругуң жолдо айтылаар,

Жомогуң көлдө камтылаар.

Сары изиң саналуу,

Санааң камалуу заман келээр.

Караңгың көзүң ачар,

Тектирге теңселип буудай чыгар,

Тегизиң кургап куурай чыгар,

Мал туягы көбөйүп, арык болор,

Жердин түгү азайып, карып болор,

Кызылтакым катын чыгар,

Кыз тастаңдап акыл чыгар,

Жигитиң жилик албай,

Карыяң каада көрбөй,

Кайран элим кантээр экенсиң,

Кайыр сурап кетээр бекенсиң?

Теңдигиң тепселээр,

Тентиген күн келээр.

Артына көз жетпей калды,

Жер туманы кою, капырай, капырай…

Ал заманың кетээр,

Арты оңолоор.

Жесир катын миң кой айдаар,

Кой үстүндө торгой жумурткалар.

Жетим жетилээр,

Жесир кетилээр,

Андан аркысын билбей калдым, балдар.

* * *

Азиздер айтып кетиптир

Акыр заман болжолун.

Азирети пайгамбар,

Адам Ата баш болуп:

Акыр заман кишиси,

Кичине болоор мүчөсү.

Илгери өткөн адамдан

Башка болот деп айткан.

Адеби жок сүйлөгөн,

Кашка болот деп айткан.

Конушу такыр, чөбү жок

Ташка конот деп айткан.

Элдин нурку азайып,

Ачка болот деп айткан.

Акыр заман адамы

Бакыл болот деп айткан.

Мал азайып арымдап,

Жакыр болот деп айткан.

Эгини өнүп, чөп чыкпай

Такыр болот деп айткан.

Андап кийин замана

Акыр болот деп айткан.

Акыр заман адамы

«Аалым» болот деп айткан.

Аяттын сөзүн бек тутпай,

Заалым болот деп айткан.

Аганын тилин ини албай,

Чагым болот деп айткан.

Биринин тилин бири албай,

Жайыл болот деп айткан.

Булак: http://bizdin.kg

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17