Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖУРНАЛИСТТЕР СЫЙЛАНДЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖУРНАЛИСТТЕР СЫЙЛАНДЫ

 1,143 total views

8-декабрь – Кыргызстанда радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү. Бул датага байланыштуу бүгүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында бир катар журналисттер сыйланышты. Аларга ИИМдин медалдары жана ардак грамоталары тапшырылды.

Сыйлыктарды тапшырып жатып Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Сыдыков Нурбек Абдыкалыкович майрам ээлерин куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады. Алардын жумуштары сыймыктуу жана жоопкерчиликтүү экендигин белгиледи. Милиция менен тыгыз кызматташып, кылмыштуулуктун алдын алууда жана профилактикалык жумуштардыкоомчулукка жеткирүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ролу чоң экендигин айтып өттү.

Өз кезегинде сыйлык алгандар тарабынан да милицияга ыраазычылыктар айтылды. Жалал-Абад ОИИБдин азыркы учурда аткарып жаткан жумуштарына оң баасын беришип, өлкөбүздө тынчтык болуусун каалашты.

“АЙМАК” 

Автор

Контактный адрес

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: город Жалал-Абад улица Ленина 17