Аймак

СТАМБУЛ ШААРЫНДА ДАГЫ НООРУЗГА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА УЮШТУРУШТУ

СТАМБУЛ ШААРЫНДА ДАГЫ НООРУЗГА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА УЮШТУРУШТУ

 3,035 Бардыгы /

СТАМБУЛ. Түркиянын Стамбул шаарындагы Маданият Университетинде Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулчулугу Кыргыз Достук жана Маданият коому менен биргеликте Ноорузга арналган майрамдык иш–чара уюштурушту.

Аталган Университеттин короосунда Кыргыздын улуттук жасалгоосу менен атайын боз үй тигилип, Нооруздун негизги майрамдык тамагы «Сүмөлөк» дагы кайнаталып, Кыргызстандын маданият өкүлдөрү  Упелхан Сейилбекова, Эрлан Жандарбай, бий топтор жана башкалардын катышуусу менен биргеликте майрамдык концерт тартууланды.

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Заманбек Рысалиев өз сөзүндө баарын тең куттуктап, Маданият Университетинин алкагында Кыргыздын улуттук маданиятын, жүрүм-турумун студенттерге, конокторго көрсөтүүгө жана бул иш чараны өткөрүүгө өзгөчө салым кошкон университеттин жетекчилигине терң ыраазычылыгын билдирди.

         Аталган майрамда университеттин ректору профессор Др. Эрхан Гюзел, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Заманбек Рысалиев, Кыргыз Диаспорасынын мүчөлөрү, университеттин окутуучулары, студенттер жана башкалар күбө болушуп, Кыргызсдын Улуттук тамак-аштарынан даам сызышты.

 

 

 

                   Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17