Аймак

ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ: ӨНӨРДӨН САЯСАТКА

ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ: ӨНӨРДӨН САЯСАТКА

 2,737 Бардыгы /

Эмне үчүн Доке? 2004-жылдын 14-декабры. “Эхо Манаса” алып баруучу. Интерньюс. Сюжет. “Возможен ли Украинский синдром в Кыргызстане?”. 2004-жылы январдагы Грузиядагы, 2004-жылдын 22-ноябрында башталган Украинадагы  революциялар Кыргызстанда да жүз бериши мүмкүнбү? Деген суроо менен ЖК депутаттары, анын ичинде Депутат Дооронбек Садырбаевге да кайрылганбыз. Ошондо кесиптеш катары “Доке” деп кайрылгыла деген уруксатынан улам Улуу инсанды ушинтип атап калдык.

Таланттуу адам ар тараптан таланттуу болот деген учкул сөз бар. Докебиз ошол афоризмдин тирүү күбөсү болгон. Он төрттөгү өспүрүм кезинде оорунун айынан атасынан айрылганда “врач болом” тилегин жүзөгө ашыруу үчүн мединститутка кирип, ээ-жаа бербеген эрудициясы, кайталангыс тубаса коңур үнү, үрп-адат менен салтты билген билеселдиги менен ошол кездеги “кыргыз кереметинин” деңизине сүңгүп кетет. Ушул тармакта эмгектенип жүрүп, дүйнөлүк искусство фондуна 80ге жакын документалдуу, 16 көркөм фильмдери, 700дөй публицистикалык макалалары менен салым кошууга жетишет. Бул аралыкта Доке актер, комузчу, оператор, режиссер, сценарист сыяктуу ролдорду ийине жеткире аткаруу менен элдин эсинде түбөлүктүү элести орното алды (Презентация)

Кыйышпас курбу-курдаш асылдарым,

Кызматташ кыял-көөнү жакындарым.

Өнөрлөш: – артист, ырчы композитор,

Өмүрлөш – жазма, төкмө акындарым(Асылдарым. 1986.) – деген ырынан эле канча кесипти аркалаганын байкоого болот.

Докенин күргүштөп аккан таланты кайра куруу (1985-1990) мезгилинде саясат менен шайкеш адымдай баштады. СССРдин “айкындуулук”, “демократия” жараяндары менен кошо партиялык чийинден чыга албай кысылып келген ич күптү ойлору оргуштап чыгат. Эгемендикке карай бара жаткан жолдо советтик доордун компартиялык “жолу” тар көрүнүп, Улуу элдин узун тарыхын тырнактайынан дилине сиңирген ишмер кино же кагаз, оозэки же каймана түрдө элге эркиндиктин желаргысын таратып атты.

Талантын саясат бууп жатканына ызаланган Доке элинен алыстап, тектеш тилдүү элдин сунушу менен Түркияда мастер-класс өтүп жашады. Бирок, үйүрүн сагынбай кое албады. Аны “Эмне үчүн?” деген ырынан байкоого болот. Аталган ырында:

Мүнөздөр окшоштугу жакса дагы,

Мүдөөлөр шайкештигин тапса дагы.

Өгөйлүк кылышпастан түрк туугандар,

Өзгөчө сыйлуу чапан жапса дагы,

–        “Тууруңа кондуң ана ватандын” – деп,

Туу нышан көөдөнүмө такса дагы.

Мен неге кетким келет Ата журтка,

Мертинтип кыргыз мени жатса дагы? (Истамбул. 19.12.1993) – деп жазат.        Байкасаңыздар ушул ырдан эле бир эле учурда саясатчылардан көргөн ыза менен элине болгон кусалык сезилип турат. Эгемендик келди, эми өз элимде “жаратмандык” менен ээн-эркин алектенем деген тилеги сокур саясатчылар тарабынан туура түшүнүлбөдү. “Визиткасында”(1991) жазгандай:

“Малга бай, арга жарды, мансапка ынак,

Мен болом манкурттардын манкуртбеги”.

Арданба “сиңдим” – десем иним сени,

“Кемпир” деп кемсинте бер сен да мени” – деп, кыргыздын арына тийип, мекенчилдикке үндөп атат. Ошол эле жылдары коомдун күрөө тамырын кармай билген даанышман катары “Замана” ырында:

Окуунун ооматы ылдый агат окшойт,

Он жылдык дарбазасын жабат окшойт.

Базарга бар тапканын алып-сатып,

Балдар да чүкө ойнобой калат окшойт(1992) – деп жазат.

Турмушту алаканга сыйдыра билип, жашоонун нугу кайда барарын, аны дурус ыңгайга өзгөтүү үчүн саясат аркылуу таасир этүү зарыл экендигин даана байкайт. Улуу жолго чыгарда айылына келип, атасынын арбагынан бата сурап:

Атаке бир козголуп көрбөйсүңбү,

Айлыңа ат бастырып келбейсиңби.

Алдында аламандын бара жаткан,

Уулуңа учкай жардам бербейсиңби…

Анда эле балаң кырдан ашып кетмек,

Күркүрөп күч-кубаты ташып кетмек.

Арбагың анча-мынча сүрөп койсо,

Такымга таймашканын басып кетмек(Атамдын арбагына. 25.10.11994. Масы) деп кайрылат. Ошентип, аксакалдыын арбагы колдоп, андап аркы ишмердүүлүк парламентте уланат.

Саясатта Доке үчүн белгисиз болгон коомдун жаңы кырлары ачыла баштады. Үзөнгүлөш жүргөндөрдүн арасынан эле сатып кеткендерге карап, кыргызда мансапкорлук деген оору жабышканына теригип, Жогорку Кеңеште отурган кезинде:

Теңирим баарын кылдап теңдеп келген,

Өз дебей, өзгө дебей өмүр бөлгөн.

Адашып кетет окшойт анда-санда,

Адамга аркыл-мүнөз берген жерден.

Мансапка ач кенедей жабышкандар,

Болбосо чыкпайт эле биздин элден(Кайдан келген. 1995) деп кейип жазат.

Дин эркиндигинен улам диний конфессиялардын коомубузга ургалдуу кире баштаганына кейип:

Алланын сакалын жангансып,

Ааламда сен жалгыз калгансып.

Кутурдуң мынчалык куурагыр,

Куранды кул жумшап алгансып.

Ыманга залакаң тийбесин

Ылаңдуу арамза аттан түш(Аттан түш. 1998)-деп, коомдук көйгөйгө айланган дин маселесине кейип да, насаат айтып да күйүп ырдайт.

Доке кайсы бир деңгээлде тарыхчы да болду десек аша чаппайбыз. Анткени кыргыз элинин башынан өткөн кандуу окуялар 1916-жылдагы “Үркүн”, 1937-38-жылдардагы “сталиндик” саясий жазалоолор, 1990-жылдагы Ош, Өзгөн окуяларынан терең кабардар болуп, кыябына “Кайран эл” деген киносун тартат. Бул тууралу Эл акыны Жолболду Алибаев:

–        Эңкейиштеп кетсе да

Эр ортону элүүдөн.

Тулпар сыны кете элек,

Туйлап чыккан черүүдөн.

–        Акын, актер, киночу,

Ар таланты асылган.

Актык үчүн аянбай,

Арыстанды качырган.

Көгала чач башына,

Көп сырларды батырган.

Көзү күйүп жеталбай,

Көралбастар асылган.

“Кайран элин” калкалап,

Кайран агам зор чыкты.

Калтыратып кезинде,

Канча чоңду коркутту.

“Кайран элдин” айынан,

Катуу көрдү кордукту.

-Четтеп кетип, чеп издеп,

Чечендерге күн өттү.

Түрк атабыз бирге деп,

Түрктөн тапты түнөктү(Жалгыздын жары кудай.133).

“Кайран элди” тартууда туш келген сталиндик репрессияга кейип, “Жаны кашайгандын каяшасын” жазды. Анда:

Бу да ырас.

Тарых күбө.

Отузунчу жылдардын соңунда,

Эсирген улук

Эбегейсиз бийлиги бар колунда.

Чымындай жанын чыркыратканын.

Бараткандын баарынын, большевиктин жолунда.

Кызыл-Кыя жактын кулуну,

Кыргыздын ошондогу улугу.

Абдыкадыр Орозбековго,

Акылга сыйбас айып такканын.

Кат тааныган кыргыздын көбү,

Кан кусуп камакта жатканын.

Касымын Тыныстандын

Кайсы кыргыз канчага сатканын.

Айтматтын Төрөкулун,

Элден бөлүп, эмне үчүн атканын.

Исакеев Баялынын башын,

Социализмге садага чапканын,

Жүз кырк эки “эл душманы”

Эки метрге кантип батканын – жазат. Бул маселе адис тарыхчылар үчүн алигече толук аңдап, тарыхый баа берилип, сындан өтө элек көйгөйлөрдөн болуп келатат.

Ошентип, элде “жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу” деп айтылгандай, Докебиз жөн жерден саясатчы болбоптур. Ага көптөгөн себептер таасир этиптир. КЕЛЕЧЕКТЕ Докенин мурасы дагы көп изилденет деген ойдобуз.

 

Дүйшеев Жеңишбек,

Тарых илимдеринин кандидаты,

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин профессору

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17