Аймак

ЭЛ АРАЛЫК ВАЛЮТА ФОНДУ: ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКА РЕЦЕССИЯГА КИРДИ

ЭЛ АРАЛЫК ВАЛЮТА ФОНДУ: ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКА РЕЦЕССИЯГА КИРДИ

 1,779 Бардыгы /

Эл аралык валюта фондунун башчысы (ДСУ) Кристалина Георгиева коронавирус пандемиясынан улам дүйнөлүк экономика солгундай баштаганын (рецессия) билдирди. Ал эл аралык коомчулукту тышкы карызы көп өлкөлөргө көңүл бурууга чакырды.

Георгиева журналисттер үчүн өткөрүлгөн видеобрифинг учурунда каатчылыктан чыгуу үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө кеминде 2,5 триллион доллар керек экенин белгиледи.

Ал видеоконференциянын алдында 24 өлкөнүн расмий өкүлдөрү менен сүйлөшкөн.

«Ушул тапта биз 2009-жылдагыдай же андан да жаман рецессияга кирдик. Дүйнөлүк экономиканын күтүүсүздөн токтоп калуусунун узакка созулган таасири банкроттор жана жумуштан бошотуулар толкуну менен коштолот. Бул биздин коомдун жашоосун талкалайт», – деп эсептейт ал.

Георгиева өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн кыйын күндөр али алдыда экенин эскертти. Анын айтымында, бул өлкөлөр пандемиянын кесепетинин оордугун али сезе элек, бирок капиталдын агылып кетишинен жана чийки мунайдын баасынын төмөндөшүнөн улам азыртадан эле жабыр тартышууда.

Эл аралык валюта фондунун башчысы чукул түрдө каржылай колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган өлкөлөр өтө көп болуп жатканын кошумчалады. Ушул тапта 81 – калкынын кирешеси төмөн 50 жана кирешеси орто 31 өлкө жардам сурап кайрылган.

Алардын арасында Кыргызстан да бар. Фонд эң биринчи болуп кайрылган Бишкектин өтүнүчүн канааттандырып, 120 миллион доллар бөлгөн.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17