Аймак

Айылым ала тоонун койнундасын, бизге сен кучагыңды кенен ачтың.

 2,315 Бардыгы /

Айылым ала тоонун койнундасын, бизге сен кучагыңды кенен ачтың.

Айылым

Айылым ала тоонун койнундасын
Бизге сен кучагыңды кенен ачтың.
Таза аба,шарактаган сууларын мол
Тоолордо баарысы бар арча, кайын

Жети пери уламышын баяндаган
Жылгаларда жети күлүк мал жыйнаган
Көк-Ала көл айылымдын берметисиң
Малчылар,дыйканчылар сыймыктанган

Булбул шаншып учуп асманында
Жети түлүк мал жайылып жылгасында
Жазында өзүнчө эле бир керемет
Жапжашыл ар токойлуу Кайындыда


Балалык

Эх балалык, кетким келбейт өзүндөн
Эстегенде жаш кылгырат көзүмдөн
Эжекейибиздин кой дегенине көнбөстөн
Өттү жаштык эстегенде өкүнткөн

Эжекейибиз алфавитти айтканда
Турар элек кайталай албастан биз кайра
Жылдыз эжей ошондо да жылмая
Күлүп коюп айтар эле ал кайра

Не бир сонун жылдар өттү арадан
Бирде күлсөм,кээде ага кайгырам
Ошол күндөр кол каккылап алыста
Ойдо калды ойлонткон да тамшанткан

Шоктук кылып класстарда кутурган
Тамашага чыдай албай урушкан
Ойлоп көрсөм сонун күндөр өтуптүр
Кол көтөрүп алыс жакта чакырган


Райымкулова Жумакан 10-класс.№23 Ч.Кулумбетов атындагы орто мектеп,
Ала-Бука району.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17