Аймак

Шахра Талипова, эл артисти: “Кереметтин баары көздө болот”

 4,996 Бардыгы /

Шахра Талипова, эл артисти: "Кереметтин баары көздө болот"

Элеттен чыккан Эл артисти, кулакка, жүрөккө жагымдуу ырлардын аткаруучусу, жылдыздуу ырчы Шахра Талипова менен баарлаштык.

“Окуучу кезимде эле пахтачы, чөпчүлөргө концерт койчумун

– 2-3-класс окуган кезим. Телевизор, радио деген анда-санда үйдө болгону менен, артисттер айылдарды көп кыдырышчу. Элдер берилүү менен тоонун кырына тизилип алып, ырларын угушчу. Мен да жандуу ырдаган, суйкайган ырчыларды көрүп, ошондо эле “ырчы болом” деп тыянак чыгарып койгом. Ырчылардын ырын угам деп окуудан ары эле кетип калчумун. Атам мени издеп эле жүрчү. Ырга болгон шыгым ойгонуп, 5-класстан баштап ар кандай областтык, республикалык кароо-сынактарга катышып жүрдүм. Жалгыз кыз болгондуктанбы, ата-энем “ырдаба” деп тыйышкан жок. Токтогул райондук элдик театры менин талантымды байкашканбы мени да чөпчүлөргө, пахтачыларга концерт койгону сабактан бошоттуруп, ээрчитип алышчу. Ошентип окуучу кезимде эле артисттерге аралашып, ырчы болом деген ой менен бой жеттим.

“Кудалап койгон жерди чандың эле, эми отурбасаң болбос” дешти

-Мектепти бүтүп, Искусство институтуна тапшырып өтпөй калып, Кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыкалык бөлүмүнө өтүп, айылга барганымда, ала качып кетти. Апамдар “кудалап койгон жерди чандың эле, эми отурбасаң болбос” дешкенинен отуруп калдым.
Анткени, бир жашка толгонумда ата-энем мени аяшынын бир уулуна кудалап, алар мага сөйкө салышкан экен. Бой тартканда ал мага жакпай калды. Анын үстүнө экөөбүз бир класста окуйбуз, чабышып-согушуп кетебиз. Бир күнү атама “ал балаңарга тийбейм!” деп чыр салганымда ата-энем берки баланын ата-энеси менен кой союшуп, батаны бузушкан. Тагдырдын буйругу экен. Ал бала Съезд деген жакшынакай классташ кызымды алып, кайра эле мага аяш болуп калды.
Ошентип, турмушка чыкканым үчүн тапшырган окуума барбай калдым. Бирок көөдөндөгү талант, шык менен кайра эле өзүм көнгөн Токтогул элдик театрда иштеп, элим эгемендүүлүк алган соң, 1994-жылы Жалал-Абадга филармония ачылып, ал жакка чакырышканынан иштеп калдым. Университет, институт дегенди билбей, айылда жашап, иштеп жүрүп, “Эл артисттигине” чейин жеттим. Кудай мени элеттен чыккан “Эл артисти” кылды. Тагдырдын мунусуна да шүгүр.

“Улгайып баратканда балдарымдын атасын жамандагым келбейт”

– Ооба. Ал да чыгармачыл инсан. Токтогулдагы театрда бирге иштедик, аккордеон тартчу. Бирок тагдыр экен, экөөбүздүн бирге жашабай калганыбызга көп болду. 1985-жылы ажырашканбыз. Азыр өзүм жалгыз жашайм. Анын өзүнүн жашоосу, бала-чакасы бар дегендей. Балдарымдын атасы, убагында жакшы күндөрүбүз өткөн. Андай-мындай деп жамандагым келбейт. Улгайып баратканда “минткен, тигинткен” деген сөздүн кереги жок. Бирок күйөөнүн тилин алат деген ушул деп жүрө берген окшойм, ал кеткени, тескерисинче, менин чыгармачылыгымда чоң ийгиликтерге жетип чыйралдым.
Чынын айтканда, ажырышканга түрдүү себептер болду. Эркектин көзүнө “төрт-беш баланы багам” деп саксайып-суксайып отура бербей, жакшынакай кийинип, жасанып, өзүңдү-өзүң карап жүрүшүң керек экен. Болбосо, нары жактан татынакай бирөө көрүнүп калса, кетип калат экен да. Меники ушундай болду.

“Азыр өкүнөт деп угам”

– “Азыр өкүнөт” деп ар кимден угуп калам. Балдарым да эл тааныган, сыйлаган адам болгонун, күйөө бала-келиндерим жөнүндө угат, көрөт. Балдарым көргөн жерден кайдыгер учурашып гана коюшканы болбосо, ортодо ата-бала катары жакындыктары жок. Балдарымды өзүм багып чоңойттум, окуттум. Мени элим колдоду. Токтогул театры белекке үй берди. Жалал-Абаддан да бир бөлмөлүү квартира беришип, кийин аны чоңойтуп беришти. Азыр ошол квартирамда жашайм. Токтогул району мурун Талас облусуна карачу. Талас-тык жердештериме да рахмат, мени “СССР маданиятынын отличниги” деген алгачкы наамга көрсөтүшкөн. Аным ак жолтой болуп, “Эл артисттигине” чейин көтөрүлдүм.

“”Көзүңдөгү керемет” деп бекеринен ырдабайм…”

– Эркектер эле эмес, аялдар да “көзүң өзүң ырдагандай керемет да” деп комплимент айтып калышат. Мен “көзүңдөгү керемет, көзүңдөгү, көрүнбөгөн сезим бар сезимдеги…” деп бекеринен ырдабайм, кереметтин баары көздө болот” деп тамашалап калам. А чындыгында, төрт бала менен турмушту кайра баштоону каяктан ойлоносуң?! Төрт бала менен мени бирөө алабы? 17 жашымда турмушка чыгып, 22 жашка чейин удаа төрөдүм. Жалгыз кыз болгонум үчүнбү, апам “төрө” десе эле төрөй бериптирмин. Андан кийин “балдарды окутуп, үйлөнтүп, кыздарды турмушка берип, куда-сөөктү элден кем кылбай тосуш керек” деп түйшөлүп жүрүп, ушул жашка келип калганымды сезбей калыптырмын.

“Атымды ырымдап койгон Шахралар көп”

– Мектепте жүргөндө Калыйбек Тагаевдин ырларын көп ырдачумун. Дүйшөналиевдин “Булактагы кездешүүсүн” ырдаганымда эл кайта-кайта суранып калчу. Ал эми “Эмгек сиңирген артисттикти” Табылды Актановдун “Ойлодуң бекен” деген ыры алып берсе, “Эл артисттигин” “Сүйүүнүн күчү керемет” деген ыры алып берди. Ырларымдын аркасынан күйөрмандарды таап, жыйынтыгында, менин атымдан ырымдап койгон Шахралар көбөйдү. Концерттерде “сиздин атыңыздан кызыбыздын атын Шахра койгонбуз” деген кат, открыткаларды көп алам. Айрымдары менен катташып да алгам. Ушуга сүйүнөм, дагы Шахралар көбөйө берсе экен деп тилейм.

“Тойлорго ставкасы жок эле барам”

– Чынын айтыш керек. Мурда тойдо ырдагандан уялчу элек, азыр бири-бирибизден “той барбы?” деп сурап калабыз. Элиңде той болуп турганы жакшы. Элиң бай болсо, мамлекетиң тынч болсо эле артисттердин турмушу да гүлдөй берет да. Мен атайылап деле ставка койбойм. Биз деген элдин кишисибиз. Сенин талантыңды баалап, чакырып атышса, “мынча сом берсеңер ырдап берем” деп айта албайм. Ошон үчүн тойлорго ставкасы жок эле барам. Той ээлери өздөрү билип, жакшынакай узатып коюшат.

Булак: Алиби

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17