Аймак
Аймак

НУРБЕК КАРЫ ОРУНБАЕВ «АБДЫЖАПАР» ИСЛАМ ИНСТИТУТУНУН РЕКТОРУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

НУРБЕК КАРЫ ОРУНБАЕВ «АБДЫЖАПАР» ИСЛАМ ИНСТИТУТУНУН РЕКТОРУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

33 ирет көрүлгөн / раз просмотрено , 6 бүгүн / сегодня

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин 2017-жылдын 3-октябрындагы №256 буйругуна ылайык Абдуразак Мурзабаевдин өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде Кара-Суу районунда жайгашкан «Абдыжапар» Ислам институтунун ректору кызматынан бошотулду. Азирети Муфтийдин ушул эле буйругуна ылайык «Абдыжапар» Ислам институтунун ректору болуп Нурбек кары Орунбаев дайындалды.Бул тууралуу Ош облустук казыятын басма сөз кызматы билдирди.

5-октябрда жаңы дайындалган жетекчини окуу жайдын эмгек жамаатына жана студенттерине тааныштыруу аземи уюштурулуп, иш чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Токтосун Жапаров, КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жана Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө облус казысы Самидин кары Атабаев «Абдыжапар» Ислам институтунун ректору Нурбек Орунбаевди жалпы жамаатка расмий тааныштырып, ректордун алдыдагы иштерине ийгилик каалап, жоопкерчиликтүү милдетти татыктуу аткаруусуна тилектеш экендигин билдирди. Ал эми ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жаңы жетекчини мамлекеттин талабын эске алып, институтта олуттуу реформаларды жасоо зарылдыгын белгиледи. Мындан сырткары институттун билим берүү стандарттарын заманбап деңгээлге чыгарып, студенттер үчүн дипломдорду билим берүү министрлигинин лицензиясы аркылуу берүүгө жетишүү керектигин билдирди. Ошондой эле окутуучулардын сапаттык курамына өзгөчө көңүл буруп, иш кагаздарын талапка ылайык жүргүзүү сунуштарын берди.

Орунбаев Нурбек Орунбаевичтин өмүр таржымалы жана эмгек жолу

-1987-жылдын 29-октябрында Ош областынын Кара-Кулжа районуна караштуу Кеңеш айылында төрөлгөн. Диний жогорку билимге ээ.

-2005-2010-жылдарда Бишкектеги Азрети Умар атындагы Кыргызстан Ислам институтунун “Араб тили жана шарият” адистигин ийгиликтүү аяктаган.

-2013-жылы Египеттеги “Калима” окуу борборунда араб тили боюнча атайын курсту бүтүргөн. Азыркы күндө Ош мамлекеттик социалдык университетинде «Юриспруденция” адистигин бүтүрүү алдында.

Эмгек жолу

-2009-2013-жылдары Бишкек шаарындагы “Аиша” мечитинде имамдын орун басары кызматын аркалоодон баштаган.

-2012-2013-жылдары Кыргызстан Ислам Университетинде Куран сабагы боюнча окутуучу.  2013-2015-жылдары Ысык-Көл областынын Өрнөк айылында имам-хатиб болуп иштеген. 

-2015-жылдан тартып азыркы күнгө чейин Ош облусунун казысынын орун басары болуп иштеп келе жатат.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
      1
23242526272829
3031     
    123
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
  12345
6789101112
2728     
       
      1
3031     
   1234
       
282930    
       
     12
31      
   1234
12131415161718
       
1234567
891011121314
15161718192021
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
1234567
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
31      
  12345
13141516171819
2728293031  
       
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
18192021222324
       
  12345
6789101112
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
232425262728 
       
   1234
       
293031    
       
     12
       
  12345
       
2930     
       
    123
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
30      
   1234
       
78910111213
14151617181920
282930    
       
     12
31      
     12
2425262728  
       
  12345
       
      1
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17