Аймак

Комуз сынды – ыр жок, көңүл сынды – сыр жок

 111,243 Бардыгы /

Комуз сынды – ыр жок, көңүл сынды – сыр жок

Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз,
Чертилбейт,күүгө келбейт, чебер колсуз.
Оп-оңой, көргөн көзгө жөп-жөнөкөй,
Бирок да өнөрү бар айтып болгус.

Кылымдан кылым санап көксөй-көксөй,
Жыргалдуу биздин ушул күндү көздөй.
Бул комуз, көп сууларды кечип келген,
Эли да комузундай жөпжөнөкөй.

Бул – ак калпак кыргыз элинин байыртан берки чертме кылдуу үндүү аспабы. Ал өрүк, жаңгак, ак чечек, алмурут, тал, терек, карагай, арча сыяктуу мөмөлүү жана мөмөсүз токой жыгачтарынан чабылат. Комуз чабууга чеберлердин уста канасында көбүнчө керки, бычак, ийги, үмкү, түрпү, өгөө өңдүү жөнөкөй куралдары болот. Комуз ар кандай формада чабылып, анын мойну ичкерип кетет. Комуздун жалпы узундугу 90 см дей келет. Комуз башы, тулкусу, чарасы, моюну ,капкагы, куткуну, тепкеги, үч кулагы анан үч кылдан турат. Комуздун үч кулагы өрүктөн, арчадан жана ошондой эле мүйүздөн жасалат.

Базар-Коргон районунун тургуну Комуз устасы болгон Ы.Боронбаевдин билдирүүсүндө өрүк жыгачын декабрь айларынын ортосунда( кыргызча айтканда “Токсон түшкөндө”) кыят. Мында өрүк жыгачы баш тартып, өсүшүн токтотуп турган учуру болот.Чабууга да, пайдаланган кезде да ал жыгач жарылып кетпейт. Анын кабыктарын арчып, сомдоп, жерди чуңкур казып, ага суук түшкөн чакта ат тезегин салат. Ошого жыгачты көмүп, үстүнө тезекти төгө берет. Ал бир кезде өзүнчө бууланып түтөп, комуздун ширесин тартат. Жыгач жазга дейре жатып, ойдогудай кургайт. Муну да чабылуусу ээрдей каныктырыш үчүн сомдоп, шыбап, ошол бойдон шамал тийбес жайда бир жыл жатат. Ошондон кийин гана чаба баштайбыз дейт- Ы.Боронбаев.

Ала-Тоосу, ак калпагы менен көкөлөп жаткан доордо торгой тил комуздун сапаттуу жасалышына ар бир адам күйөөрман. Таамай айтканда муну “чечен тилди” даана тапкандар азыр жергебизде аз. Анткени комузчунун өзү комуз уста болгон. Аспапты жасоо үчүн өнөрпоздун угуму, добушту ажырата алышы, чаба билиши өзгөчө бааланат. Тоо булбулу Токтогулдан тартып Кара Молдо Орозов, Ыбрай Туманов, Чалагыз Ыйманкулов сыяктуулар комузду өзүлөрү гана билип, бирөөлөргө карматбай, кыраан шумкардай таптап, кол тийгиздирбей асырап жүрүшкөндүктөн алардын комузунун тили “буудай кууруп турчу”. Бул аспап чакан болгон. Ат үстүндө, чепкен ичинде колтугуна катып жүрүүгө шартташкан. Мисалы Токомдун комузунун узундугу 63см келип, төрт дубан элде шаңшыган.

Комуз өзүнүн формасы менен бирге үнүда жагымдуу, назик келип, адамдын сезимин ойготуп, жүрөгүн кытыгылагандай болот. Башка жыгачтарга караганда өрүктөн чабылган комуз нарктуу келет. ”Адамды сүйлөткөн тил болсо, комузду сүйлөткөн кыл” болот эмесби. Комузду жакшы чапкан чеберлер мыкты комузчулардын учаар канаты болгон.

Адина ОСОРОВА “Аймак”

Комуз сынды – ыр жок, көңүл сынды – сыр жок

Комуз сынды – ыр жок, көңүл сынды – сыр жок
Комуз сынды – ыр жок, көңүл сынды – сыр жок

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17